Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Перу Австралияны кошо ала кетти

Бүгүн, 26-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы туру уланат. Анда "С" тайпасынын алкагында Сочинин "Фишт" стадионунда Австралия-Перу беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:00дө старт алып, беттештин башкы калысы орусиялык Сергей Карасев болот.

19:45. Австралия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Мэттью Райан ("Брайтон энд Хоув Альбион", Англия).
  • Коргоочулар: Азиз Бехич ("Бурсаспор", Түркия), Жошуа Рисдон ("Вестерн Сидней Уондерерс"), Трент Сэйнсбери ("Грассхоппер", Швейцария);
  • Жарым коргоочулар: Миле Единак ("Астон Вилла", Англия), Робби Круз ("Бохум", Германия), Марк Миллиган ("Аль-Ахли", Сауд Арабиясы), Аарон Муй ("Хаддерсфилд Таун", Англия), Том Рогич ("Селтик", Шотландия);
  • Чабуулчулар: Томи Юрич ("Люцерн", Швейцария), Мэттью Леки ("Герта", Германия),
  • Башкы машыктыруучу: Берт Ван Марвейк (Голландия).

19:50. Перу курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Педро Гальесе ("Веракрус");
  • Коргоочулар: Луис Адвинкула ("Лобос БУАП", Мексика), Кристиан Рамос ("Веракрус"), Мигель Трауко ("Фламенго", Бразилия), Андерсон Сантамария ("Пуэбла", Мексика);
  • Жарым коргоочулар: Эдисон Флорес ("Ольборг", Дания), Кристиан Куэва ("Сан-Паулу", Бразилия), Ренато Тапиа ("Фейенорд", Нидерланд), Йосимар Йотун ("Орландо Сити", АКШ);
  • Чабуулчулар: Андре Каррильо ("Уотфорд", Англия), Паоло Герреро ("Фламенго", Бразилия).
  • Башкы машыктыруучу: Рикардо Гарека (Аргентина).

19:54. Эки команда талаага чыгып, өлкөлөрдүн гимндери жаңырууда.

20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн башталды.

20:04. Оюндун алгачкы мүнөттөрү Австралиянын жарым үстөмдүгүндө өтүүдө.

20:06. Австралиялыктардын кооптуу чабуулун перулуктар токтото алды.

20:09. Австралиянын формасы сары, ал эми перулуктар кызыл түстө ойноп жатканын эске сала кетели.

20:10. Сарылардын жарым коргоочусу карате ыкмасындагы оюн көрсөтүп, Перунун оюнчусуна залал келтирип коё жаздады.

20:12. Перулуктар оюнга эч кандай кызыгуусу калган эмеспи же өздөрүнүн контр-чабуулга чыгуучу учурун күтүп жатышабы, айтор, өз дарбазасынан анчейин алыс жыла албай турган учуру.

20:17. ГОЛ! Перунун оюнчулары талаада бар экенин эскертип өтүштү. Болгондо да таамай узатылган сокку менен. Эсеп 0:1. Андре Каррильо ишке жарады.

20:21. Австралиялыктар чабуулга өтүү аракетин көрүүдө. Бирок анчейин жыйынтык жок.

20:23. Леппи коргоочу Бехичтин чыгарган тобуна секирип жете алды. Бирок дарбазага багыттай алган жок.

20:26. Талаанын номиналдык ээси - австралиялыктар экенин айта кетели. Муну менен биз, албетте, бакшкы калыс - Сергей Карасевди капа кылгыбыз келген жок. Бирок маалыматты айте кеткенибиз оң.

20:28. Австралиялыктардын кооптуу чабуулу - бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып келди. Ал эми бурчтан чыгаруу - кооптуу чабуулга алып келген жок!

20:31. Ал ортодо перулуктардын анча кооптуу эмес чабуулуна күбө боло алдык. Бул чабуулга сарылар кооптуу чабуул менен жооп кайтарды. Бирок Перуга офсайд абалы жардамга келди.

20:33. Акыркы мүнөттөрдө чабуулду эки команда кезек-кезеги менен жасоодо. Ким кезекти бузуп катары менен эки чабуулду жасаарын байкай туралы.

20:37. Перунун чабуулу кайрадан жайлап калгандай. Топ Австралиянын башкаруусунда.

20:39. Австралиялыктар кооптуу айып сокку жасоого мүмкүнчүлүк алышты. Бирок Аарон Муйдун көтөргөн тобу максатсыз кетти.

20:41. Дал жогоркудай айып соккуну эми перулуктар аткарат. Бирок бул жолу да көтөрүлгөн топ австралиялыктардын башына биринчи болуп келди.

20:46. Оюндун биринчи бөлүгү бүттү. Анын жыйынтыгында Австралия активдүүрөөк оюн көргөзгөнү менен, алдыда Перу курама командасы. Сарылар экинчи бөлүккө кандай маанай менен чыгарына 2-бөлүктө күбө болобуз. Андыктан SUPER.KG'ден алыстабаңыздар!

21:03. Оюндун экинчи бөлүгү старт алды.

21:04. Перунун курамында алмашуу бар. Йосимар Йотунду Акино алмаштырды.

21:05. Топко ээлик кылган перулуктар чабуулга чыгышты. А бирок сарылардын коргоочуларын толугу менен жазгыра алышкан жок.

21:07. Топ Австралиянын карамагына өтүп, позициялык чабуулга аракет кылууда.

21:08. ГОЛ! Эсеп 0:2. Перулуктардын оюнчусу Кристиан Куэва эсеп айырмасын чоңойтту!

21:10. Австралиялыктардын аткаруусундагы бурчтан чыгаруу - Перунун дарбазачысын анчалык убара кыла алган жок.

21:12. Алмашуу. Талаада Австралиянын легендарлуу футболчусу - Тим Кейхилл.

21:13. Австралиялыктардын аткаруусунда айып сокку перулуктарга тийип, андан ары чийинден чыкты. Демек, бурчтан чыгаруу орун алат.

21:16. Кехиллдин талаага чыгуусу Австралия оюнчуларына дем бергендей. Алардын оюну жандана баштады.

21:18. Кайрадан алмашуу. Австралиялыктардын катарын Арзани толуктады. Ал Круздун ордуна чыккан.

21:20. Сарылар эки жолу кооптуу абал жаратып, эсебин ача алган жок. Тескерисинче, перулуктарга каршы чабуул жасоого шарт түзүп берип, аны Арзани сары кагаз алса да кайыл болуу менен токтотуп калды.

21.23. Алмашуу Перунун курамында да орун алды. Паоло Уртадо Ренато Тапиянын ордуна чыкты.

21:25. Парадокс. Австралиялыктардын пайдасына берилген айып сокку, кайрадан перулуктарга гол киргизүүгө шарт түздү. Кайрадан австралиялыктар эреже бузуу менен каршы чабуулду токтотушту. Кайрадан сары кагаз.

21:28. Тим Кехилл эң кооптуу абалды пайдалана албай калды. Перулуктарга табият дагы жардам бере баштады көрүнөт.

21:30. Капитандын чыгарып берген пасына Бехич жете албай калды.

21:32. Перулуктар бурчтан топ чыгарууга жетишти. Алардын аябай жай кыймылдап жатканын түшүнүүгө болот.

21:34. Австралиялыктар болгон күчү менен алдыга барууга аракет кылышууда. Бирок перулуктар мыкты коргонууда.

21:38. Оюнда топко ээлик кылуу, сокку узатуу, таамай сокку узатуу, бурчтан чыгаруу, сыяктуу статистикалык көрсөткүчтөр боюнча Австралия алдыда, ал эми эсеп 0:2, Перунун пайдасында. Мына ушундай футбол көрүп жаткан учурубуз.

21:41. Единактын тепкен айып соккусу дарбазадан өйдө кетти.

21:44. Сарылардын оюнчусу Мэттью Леки дарбазачы менен жекеме-жеке беттеште уттуруп койду. Лекки аны алдап өтүүгө аракет кылган.

21:48. Беттеш соңуна жакындап калды. Бирок австралиялыктардын үмүтү үзүлө элек.

21:49. Башкы калыс оюнга 4 мүнөт кошуп берди. Бул төрт мүнөт ичинде плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Австралия 3 гол жаратышы керек.

21:53. Ышкырык жаңырды. Оюн соңуна чыкты. Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Перу Австралияны кошо ала кетти.

Австралия-Перу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bazarkyl
2018-06-26 21:59:57
Кошо ала кетти, автор молодец
0
Pelargos
2018-06-26 22:35:35
Эч кандай эч ким эч кимди кошо ала кеткен жок. Австралия бул оюнда уткан чакта деле плей-оффтук баскычка чыкмак эмес.
0
Altynbek-kg
2018-06-27 01:24:18
Азиядан япондор эле калды окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан