Хорватия Исландияны жеңип, 1/8 финалда Дания менен кез келет

Бүгүн, 26-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы туру уланат. Анда "D" тайпасынын алкагында Ростов-на-Дону шаарындагы "Ростов Арена" стадионунда Хорватия-Исландия беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 00:00дө старт алат.

23:54. Исландиянын курамы: Халлдорссон, Севарссон, Магнуссон, Р. Сигурдссон, Ингасон, Бьярнасон, Гудмундссон, Гуннарссон, Г. Сигурдссон, Холлфредссон, Финнбогасон.

23:55. Хорватиянын курамы: Л.Калинич, Пиварич, Едвай, Чалета-Цар, Чорлука, Модрич, Бадель, Ковачич, Перишич, Пьяца, Крамарич.

23:56. Эки мамлекеттин гимни жаңырууда.

00:00. Беттеш башталды.

00:04. Хорватия топту көбүрөөк ээлеп, активдүү чабуулдарды жасоого ниеттенбегени байкалууда. Буга команда плей-оффко алдын ала өткөнү себеп болушу мүмкүн. Ал эми исландиялыктар топту ээлеген соң дароо чабуул жасоого аракеттенүүдө.

00:10. Исландиялык оюнчу Бьярнасонго биринчи жардам көрсөтүлүүдө. Ал топ үчүн күрөштө кашынан жаракат алды.

00:14. Исландия толук курам менен коргонууда. Хорватиялыктар позициялык чабуулун улантууда.

00:20. Оюндун алгачкы 20 мүнөтүндө бир да кооптуу чабуул жасалган жок.

00:22. Бул мүнөткө карата топту убакыттын 71 пайызында Хорватия, 29 пайызын Исландия ээлеп жатат.

00:28. Исландиялыктар бурчтан тебүү жасап, Магнуссон атаандаштарынын бардыгынан бийик секирип топту башы менен дарбазаны көздөй узатты. Бирок бул чабуул кооптуу болгон жок. Топ дарбазанын жанынан өттү.

00:30. Исландиялыктар айып сокку жасашты. Топ дарбазага катуу ылдамдыкта узатылды. Бирок дарбазачы аны оңой эле кармай алды.

00:35. Исландия оюнду курчутууда. Бурчтан тебүүдөн кийин алар эки жолу дарбазага көздөй тебишти, бирок хорватиялык оюнчулар денелери менен дарбазаны тосушту.

00:40. Алгачкы кооптуу чабуул. Исландиялыктар каршы чабуул уюштуруп, топту дарбазага жер менен узатышты. Топ штанганын жанынан өттү. Эгер топ дарбазанын бурчуна карай узатылганда хорватиялык дарбазачы жетишмей калмак.

00:44. Хорватиянын дарбазасына дагы бир сокку. Топ дарбазадан бийик өттү.

00:45. Исландиядан дагы бир кооптуу чабуул. Бурчтан тебүүдөн кийин абада күрөш орун алып, топ Хорватиянын дарбазасына көздөй узатылды. Коргоочулар өз дарбазасын сактай алышты.

00:47. Биринчи бөлүк 00:00 эсеп менен аяктады.

01:03. Оюндун экинчи бөлүгү башталды.

01:05. Хорватиялык Модрич айып сокку аткарды, бирок ал эч кандай коркунуч жараткан жок.

01:09. Хорватиянын бул оюндагы алгачкы кооптуу чабуулу: Бадель 30 метрдей алыстыктан катуу сокку аткарды. Топ дарбазанын мамычасына тийип гол кирген жок.

01:11. ГООООЛ! 54-мүнөттө Хорватия эсепти ачты. Позициялык чабуулдун жыйынтыгында Бадель топту 11 метрлик алыстыктан дарбазага узатып гол киргизди.

01:13. Хорватиянын голуна исландиялыктар 2 кооптуу чабуул менен жооп берди.

01:18. Оюндун активдүүлүгү азая түштү. Топ көбүнчө талаанын борборунда жүрүүдө.

01:25. Хорватиялыктарда алмашуу: машыктыруучу команданын лидери Лука Модричтин ордуна оюнга Брадаричти чыгарды.

01:27. Хорватиялыктарда дагы бир алмашуу. Пьяцанын ордуна Ловрен оюн талаасына чыкты.

01:30. Исландиялыктар кооптуу чабуул уюштуруп, гол киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Бирок чабуул ийгиликсиз аяктады.

01:32. Хорватия өз кезегинде эсепти 2:0 кылууга мүмкүнчүлүктү ишке ашыра алган жок.

01:33. Пенальти. Топ хорватиялык коргоочунун колуна тийгени үчүн калыс 11 метрликке көрсөттү.

01:34. ГОООЛ!! Исландия пенальтини ийгиликтүү аткарды.

01:37. Хорватиянын лидери Иван Ракитич Матео Ковачичтин ордуна чыкты.

01:42. Хорватиялыктар кооптуу айып сокку узатышты. Топ дарбазанын бурчунун жанынан өттү.

01:43. Исландиялыктарда оюнчу алмаштыруу: Финнбогасондун ордуна оюн талаасына Гудмунссон чыкты.

01:48. ГООООЛ!! Хорватиялык Перишич дарбазачы менен бирге бир чыгып катуу соккусу менен эсепти 2:1 кылды.

01:49. Калыс 4 кошумча мүнөт кошту.

01:50. Исландиялыктар дээрлик толук курам менен чабуулдарды уюштурууда.

01:52. Оюн бүттү. Хорватия 9 упай менен "D" тайпасында 1-орунду ээледи. 1/8 финалда хорватиялыктар Дания курамасы менен ойнойт.

Исландия-Хорватия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Chungyz
2018-06-27 00:09:41
Исландия алга
-7
tea23
2018-06-27 00:34:37
Хорватар женилип калса экен ылайым аябай аггресивно ойнойт экен
-6
Tokmokchu-1
2018-06-27 02:19:14
tea23, хорваттар ушул темптен жазбаса, чемпиондук учун ат салышат...
+4
Altynbek-kg
2018-06-27 01:21:14
Хорваттар женсинсин викингдерди.
+5
Tokmokchu-1
2018-06-27 02:27:24
Аргентинаны жаш бала кылып чуркатып 3 гол киргизип шайын оодарган хорваттар, датчандарды оной эле жайпап отот 1/8 финалда...

Ошондо испандар 1/8 финалда орустарды женсе, хорваттар менен ойнойт...

Чыныгы курош 1/4 финалда Хорватия менен Испания ортосунда отот... Башта Испания фаворит дегендер, Хорватиянын оюндарынан сон, экоонун шансы 50-50 десе керек мага окшоп...
0
Rasul94
2018-06-27 06:36:28
Хорватияга кийинки оюн коп оор эмес болду
0
eshaliev86
2018-06-27 08:11:20
Кучтуусу эмес оюну журушуп буюрганы утат.
+1
Rasul94
2018-06-27 09:19:53
Баарыбир аты чыккан командалар алдыга чыгышат экен
0
Arsenal93.
2018-06-27 11:20:42
Бул чемпионатта пеналтилер коп болуп жатат чёта
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан