Аргентина Нигерияны утуп плей-офф баскычына өттү. Месси жана Маркос Рохо Аргентинаны сактап калды

27-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы туру уланат. Анда "D" тайпасынын алкагында "Санкт-Петербург" стадионунда Нигерия-Аргентина беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы түркиялык Жюнейт Чакыр болот.

23:50. Нигерия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Фрэнсис Узохо ("Депортиво", Испания).
  • Коргоочулар: Уильям Троост-Эконг ("Бурсаспор", Түркия), Брайн Идову ("Амкар", Орусия), Леон Балогун ("Майнц", Германия), Кеннет Омеруо ("Касымпаша", Түркия).
  • Жарым коргоочулар: Жон Оби Микел ("Тяньцзинь Тэда", Кытай), Уилфрид Ндиди ("Лестер", Англия), Огхенекаро Этебо ("Лас-Пальмас", Испания).
  • Чабуулчулар: Ахмед Муса, Келечи Ихеаначо ("Лестер", Англия), Виктор Мозес ("Челси", Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Гернот Рохр (Германия).

23:52. Аргентина курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Франко Армани ("Ривер Плейт");
  • Коргоочулар: Николас Отаменди ("Манчестер Сити", Англия), Маркос Рохо ("Манчестер Юнайтед", Англия), Габриэль Меркадо ("Севилья", Испания), Николас Тальяфико ("Аякс", Голландия).
  • Жарым коргоочулар: Хавьер Маскерано ("Хэбэй Чайна Форчун", Кытай), Анхель Ди Мария (ПСЖ, Франция), Эвер Банега ("Севилья", Испания).
  • Чабуулчулар: Лионель Месси ("Барселона", Испания), Гонсало Игуаин ("Ювентус", Италия).
  • Башкы машыктыруучу: Хорхе Сампаоли (Аргентина).

23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Нигериянын гимни жаңырат.

23:57. Аргентинанын гимни жаңырып командалар беттешти баштоого даяр.

23:58. Топту оюнга алгач Нигерия курамасы кошот.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш башталды.

00:01. Аргентина курамасы алгачкы мүнөттөрдөн топко ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

00:02. Талаанын орто болүгүндө Агуэрого каршы эреже бузулду. Топ аргентиналыктарда.

00:03. Аргентинанын алдыга чыгарган топтору азырынча таамай болбой жатат. Топ Агуэрого жетпей жатат.

00:04. Ди Мария сол канаттан чабуулга чыккан, бирок ал офсайдда болуп калды.

00:05. Этебо айып аянтчанын сыртынан сокку узаткан, бирок анын соккусун коргоочулар тосуп алды.

00:06. Аргентина тез контр-чабуулга чыгып, коргоочулар топту Мессиге берген. Бирок Мессиге каршы нигериялыктар эреже бузду.

00:07. Николас Тальяфико алыстан сокку узатып, таамай боло алган жок.

00:08. Ахмед Муса айып аянтчанын сыртынан мыкты сокку узатты. Бирок топ дарбазадан жогору өттү.

00:09. Месси айып аянтчага кирип өнөктөштөрүнө пас берүүгө аракеттенген, бирок коргоочулар тосуп алууга жетишти.

00:10. Аргентиналык футболчулар топту орто бөлүктө кармап, жай темп менен чабуулга чыгууда.

00:11. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина - 70 пайыз, Нигерия - 30 пайыз.

00:12. Маскерано орто бөлүктө ката кетирип, топту атаандашына чыгарып берип койду. Ихеаначо топ менен айып аянтчага кирип, сокку узатканга жетишкен жок.

00:13. Го-о-о-о-л! Лионель Месси эсеп санын ачканга үлгүрдү. Ал айып аянтчага чыгарылган топко жетип, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырбай гол киргизди.

00:16. Ди Марияга каршы эреже бузулду. Ал сол канаттан чабуулга чыккан болчу. Аргентина айып сокку аткарат.

00:17. Ди Мариянын айып аянтчага чыгарган тобуна эч ким жеткен жок. Бирок калыс бул жерден Аргентина командасы тараптан эреже бузууну байкап калды.

00:18. Виктор Мозес чабуулга чыгып, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

00:19. Этебо талаанын орто бөлүгүндө орой ойноп эреже бузду. Чакырдын ышкырыгы жаңырып, бирок ал айып кагаз көрсөткөн жок.

00:20. Соккулар боюнча статистика: Аргентина - 2, Нигерия - 2.

00:22. Аргентина таамай пастары менен атаандашына топту бербей, акырындан чабуулга бара жатат.

00:25. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина 63 пайыз, Нигерия 37 пайыз.

00:26. Игуаин Мессини чыгарып берүүсүнөн кийин айып аянтчага кирип, дарбазачы менен бетме-бет кез келди. Бирок Игуаин топко жетпей сокку узатканга жетишкен жок.

00:27. Фрэнсис Узохо Игуаин менен кагылыштан кийин жаракат алып калды. Оюн убактылуу токтоп калды.

00:28. Узохо беттешти улантууга даяр.

00:30. Аргентина дагы эле топту көзөмөл кылууда.

00:31. Ди Мария контр-чабуулга чыгып, ылдамдык менен айып аянтчага бара жатып аны коргоочулар жыгылтты. Чакыр эреже бузууну байкап Деон Балогунга сары айып кагазын берди.

00:32. Айып соккуну Месси аткарууга даяр.

00:33. Месси айып соккуну мыкты аткарды. Анын узаткан соккусу дарбазанын таякчасына тийип калды. Топ дагы эле аргентиналыктарда.

00:34. Нигерия тез контр-чабуул уюштурган, бирок Келети Ихеаначо офсайд абалында болуп калды.

00:35. Месси жана Маскерано талаанын орто бөлүгүндө эреже бузушту. Азырынча чабуулда Нигерия курамасы.

00:36. Эреже бузуулар боюнча статистика: Нигерия - 8, Аргентина - 5.

00:37. Месси жана өнөктөштөрү пас аркылуу атаандашынын айып аянтчасына жакындап келген. Месси айып аянтчанын сыртынан Ди Марияга топту чыгарып берген соң, Ди Мария дароо сокку узатты. Бирок топту коргоочулар тосуп калды.

00:39. Муса жогорку ылдамдык менен айып аянтчага жакындап топко жеткенге аракет кылган, бирок Армани дарбазасынан чыгып топту оюн талаасынан чыгарды.

00:41. Максераного каршы оюн эрежеси бузулду. Топ аргентиналыктарда.

00:44. Ихеаначо оюн талаасында жатат. Маркос Рохо аны тизеси менен башка тээп алган.

00:45. 1-таймдын аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

00:46. Ахмед Муса айып аянтчага Ихеаначого чыгарып берген. Бирок топко алгач дарбазачы жетип, топту алып койду.

00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып командалар тыныгууга кетти.

01:04. Калыс 2-таймга старт берди. Бул ирет топту оюнга Аргентина кошту.

01:06. Аргентиналык оюнчу эреже бузду. Айып соккуну нигериялыктар аткарат.

01:07. Виктор Мозес айып аянтчага көтөрүп, коргоочулар топту кайтара алды.

01:08. Жюнейт Чакыр Аргентинанын дарбазасына пенальти койду. Нигерия жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду.

01:09. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Виктор Мозес пенальтини мыкты аткарды.

01:10. Гол киргизген соң Нигерия курамасы дароо чабуулга чыгып атаандашынын тынчсыздандырууда.

01:11. Огенекаро Этебо командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

01:12. Нигериялыктардын бурчтан чыгарылган тобун коргоочулар айып аянтчадан чыгарды. Нигериялыктан кайрадан айып аянтчага баруу аракетин көрөт.

01:13. Аргентинанын жарым коргоочусу талаанын орто бөлүгүндө эреже бузду. Топ нигериялыктарда.

01:14. Кайрадан эреже бузуу бул ирет айып соккуну аргентиналыктар аткарат.

01:15. Мессинин айып аянтчага чыгарган тобуна алгач коргоочулар жетти. Аргентина 2-толкун менен чабуулун улантат.

01:16. Огенекаро Этебо оюн эрежесин бузуп, Чакырдын ышкырыгы жаңырды. Топ аргентиналыктарда.

01:17. Ахмед Муса тез контр-чабуулга чыгып, сол канаттан айып аянтчага кирип барган соң өнөктөштөрүнө чыгарып берүү жасаган. Бирок коргоочулар топту тартып кетишти.

01:18. Аргентина курамасында алмаштыруу орун алды. Энцо Перестин ордуна оюнга Кристиан Павон кошулду.

01:19. Павон оюнга дароо кошулду. Павон контр-чабуулдан ылдамдык менен атаандашынын дарбазасына жакындап келип, Игуаинге чыгарып берүү жасаган. Бирок топту коргоочу кайтарганга жетишти. Аргентина топту бурчтан кошот.

01:20. Соккулар боюнча статистика: Нигерия - 5, Аргентина - 5.

01:21. Мессиге каршы оюн эрежеси бузулду. Месси топту дароо өнөктөшүнө берип чабуулду улантты.

01:22. Эвер Банега эреже бузуп сары айып кагазын алды.

01:23. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина 65 пайыз, Нигерия 35 пайыз.

01:24. Кристиан Павон айып аянтчага чыгаруу жасады, топто алгач коргоочулар болду.

01:25. Маскераного каршы эреже бузулду. Топ аргентиналыктарда.

01:26. Павон оң канаттан чабуулга чыкты. Ал айып аянтчага кирип баруу аракетин көрүп жатканда коргоочу топту талаадан чыгарганга жетишти.

01:27. Бурчтан чыгарууну Павон өзү аткарып топту жоготту.

01:29. Вилфред Ндиди айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, бирок таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир аз жогору өттү.

01:30. Аргентина курамасында алмаштыруу. Ди Марияны Максимилиано Меса алмаштырды.

01:33. Меркадонун айып аянчага көтөргөн тобун коргоочулар талаадан чыгарды. Аргентина топту бурчтан чыгарат.

01:34. Аргентинанын дарбазасына пенальти коюлушу мүмкүн. Аргентиналык коргоочу айып аянтчанын ичинен колу менен ойногон. Чакыр видео кайталоо системи менен колдоно турган болду.

01:35. Жок! Пенальти болбойт. Чакырдын чечими ушундай болду. Аргентинанын мүмкүнчүлүктөрү дагы деле бар.

01:38. Аргентина курамасында акыркы алмаштыруу. Николас Тальяфиконун ордуна оюнга Серхио Агуэро кошулду.

01:39. Гонсало Игуаин айып аянтчанын ичинен сокку узатып дарбазадан топту жогору багыттады.

01:40. Кристиан Павон командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Анын Павон өзү аткарып ийгиликсиз болду.

01:41. Банега айып аянтчанын жанынан эреже бузуп, атаандашына кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

01:42. Этебо айып соккуну жакшы аткарды. Бирок таамай боло алган жок.

01:45. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:2. Аргентина алдыга чыкты. Маркос Рохо айып аянтчадан кароосуз калып, мыкты сокку менен командасын алдыга чыгарды.

01:47. Нигерия курамасында алмаштыруу. Кеннет Омеруонун ордуна оюнга Алекс Ивоби кошулду.

01:48. Жюнейт Чакыр Жон Оби Микелди сары айып кагазы менен белгиледи.

01:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, башкы калыс 4 мүнөт кошуп берди.

01:50. Дагы бир алмаштыруу. Сими оюнга Ахмед Мусанын ордуна кошулду.

01:51. Мессиге каршы эреже бузулду. Аргентиналыктар айып соккуну аткарышат.

01:52. Лионель Месси убакытты созгону үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

01:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Аргентина 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

01:54. Бул жеңиш менен Аргентина курамасы "D" тайпасында 2-орунду ээлеп плей-офф баскычына өттү. Анда Аргентина Франция курамасы менен кез келет.

Нигерия-Аргентина (27.06.2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
kilim
2018-06-27 02:00:45
Молодец
+19
Rasul94
2018-06-27 02:02:26
Откондо жазсам минус басып салдынар эле мына Аргентина чыгат дегем
+25
Man_Ytd
2018-06-27 02:05:09
Нигерия дагын кучту экен аргентина франция ойунун корот экенбизда
+16
arawan
2018-06-27 02:07:17
аргентина силерди бир нигериялыктар жана хорваттар гана сактап калды нигериянын канча соккусу опасный болду и жана да пенальтини бербей койду чакыр кечеги португалияга берген пенальтинин жанында аргентинанын пенальтиси козго сайгыдай даана корунду го 5жаштагы баладан деле сурасан топ колго тийди деп айтмак чакырдын чечимин эч тушунбодум мейли эми мээнет мн болсо да женди эмки оюн франция мн болот коробуз ошондо
-15
O.dembele
2018-06-27 02:13:56
arawan,нигериялык оюнчу топту тепкенден кийин пен сурап жатпайбы топту тептин ошо жетишет дегендир
+15
Salaf
2018-06-27 02:18:53
arawan, португалияңарды деле иран чыгарды, болбосо аргентинага окшоп бир жеңилиш, бир жеңиш, бир тең чыгуу менен араңдан зорго чыктыго. Азырынча Уругвайдай 9 очко менен эч ким оңой чыгалек.
+4
Kukuwa
2018-06-27 02:24:14
Salaf, Уругвай как никак 2010 жылы 4- место алганда!
-4
Tokmokchu-1
2018-06-27 02:35:34
Kukuwa, Хорватия 1998-де бронза медаль утуп алган, учунчу болуп...
-1
ilgizk
2018-06-27 02:32:55
Salaf,хорватия чыкты 9 очко менен
-1
Tokmokchu-1
2018-06-27 02:34:16
Salaf, 9 очко менен Хорватия чыкты достойно ойноп...

Уругвай +5 гол артыкчылыгы менен чыкса, Хорватия +6 гол артыкчылыгы менен чыкты...

Анан калса А группасы бул эле чемпионатта эмес, вообще бардык мундиалдын эн слабый группасы болуп рекорд койду, Уругвай ошол группадан 9 очко менен чыкты.

Ал эми Хорватия Аргентина, Нигерия жана Исландияны утуп 9 очко алды. Кучтуу курамаларды женип отту. Айрыкча Аргентинаны 3:0го достойный женди, эч шанс калтырбай...
-1
ArgenMers
2018-06-27 15:45:18
Salaf,хорватияда деле 9 очко бар
-1
Kukuwa
2018-06-27 02:19:34
Че то судья Аргентина тарапка тарткандай болуп калды, возможно он и прав, бирок нигериялыктар деле бир топ экен, жакты мыкты оюн болду, аргентиналыктардын умутун акташты, даже болельщиктери ыйлап ийишти го, аларды коруп мен да прослезилась! Молодцы Аргентинцы!!!!! Оправдали мое ожидание! Роналдо извини я за Месси!!!
-15
nursultan.mamatkalyk
2018-06-27 02:33:57
arawan,тууганым сен адашып атасын топ колго тийбеди деген жок атайлап ойноногон жок ошого бербеди биринчи башы менен сузуп атат анан колуна тийди
+11
anonymous
2018-06-27 02:09:19
Аргентина көпкө узабайт го мындай ойносо
-20
Rasul94
2018-06-27 02:24:07
Франция менен туш келдиби эми
+10
aksuu_aduk
2018-06-27 02:29:12
Аргентинанын оюну эми ачылат
+11
Salaf
2018-06-27 02:36:28
Аргентина менен, Иурсалимде боло турган жолдоштук беттештен, Иерусалим футбол федерациясынан түшкөн сунуштун негизинде баш тарткандары үчүн уважать этип калды ушуларды и бүгүн өмүрүмдө биринчи жолу футбол көрүп бир командага (Аргентинага) болеть эттим).
+4
Tokmokchu-1
2018-06-27 02:43:28
Salaf, Мессинин Иерусалимде еврейлер менее кошо сыйынганын корсон кантээр экенсин?!!

ХХХХХХХХХ
0
Tokmokchu-1
2018-06-27 02:41:17
Аргентина Франция менен ойнойт. Бирок мага калса, бул эки фаворит тен оз оюндарын таппай кыйналып турушат. Экоонун тен шансы 50-50. Бул экоонун кайсы бири утса да, Уругвай менен Португалиянын бироосуно туш келет. Менимче Португалия Уругвайды утса керек...

Жозе Моуриньо Португалия менен Аргентина Финалда жолугушушу мумкун деп жатты эле, Аргентина группасынан биринчи болуп чыгат деп. Моуриньо жанылды. Бул экоо оз каршылаштарын 1/8 финалда утса, 1/4 финалда жолугушат, Финалда эмес...
0
Baiko128
2018-06-27 03:15:37
Аргентина
+2
umar.kgz
2018-06-27 04:50:10
Мен билгем Аргентина чыгаарын,Месси жакшы оюн корсотту,азамат!!!дагы да гол кутобуз Мессиден,Алга Аргентина)))
+3
Kuduret-Batken
2018-06-27 09:11:22
Реалчылар и Пеналдучулар ичинер куйсо туз жалагыла
+4
Rasul94
2018-06-27 09:18:14
Kuduret-Batken,эй эч кимдин ичи койгон жок.жон жерден эле ушинтип суйлоонун не кереги бар.мен реалистмин но Аргентинанын плей оффко чыкканы мени суйундурот.себеби кучтуу командалардын эроолу кимге жакпасын.
-3
Kumarchik
2018-06-27 10:10:29
Месси азамат жакшы оюнчу
+1
Dembele84
2018-06-27 10:25:15
1/8 финал
Россия-Испания
Уругвай-Португалия
Хорватия-Дания
Франция-Аргентина
0
vikidiki
2018-06-27 12:48:09
Португалия -Аргентина ойносо, укмуш болот го. Ну и зрелище деп шыпшынып отуруп калабыз да.
+2
Rasul94
2018-06-27 14:35:03
vikidiki,ушундай болсо экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан