Америкалык рэпер 03 Greedo камакка алынарына 48 саат калганда сүйүктүүсүнүн колун сурады

Америкалык Жейсон Жамал Жексон көпчүлүккө 03 Greedo каймана аты менен белгилүү болгон рэпер абакка отурарына 48 саат калганда сүйүктүүсүнүн колун сурады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, музыкант Лос-Анжелесте өткөн жеке концертинде миңдеген күйөрмандарынын алдында сүйүктүүсүнүн колун сураган. Жейсон Жамал Жексондун сүйгөнү анын камакка алынарына карабай макулдугун берген. Ошондой эле ырчы концертке келгендерге темир тор артында дагы чыгармаларды жазарын билдирген.

Белгилей кетсек, рэпер мыйзамсыз түрдө метамфетамин (маңзаттык каражаттарга кирет) жана тапанча сактап жүргөндүгү үчүн 20 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Siren.ms
2018-06-27 09:17:26
Аии Ошо тапанча сактаганы учун 20 жыл берсе бизде Адам олтуруп койсон 8 жыл берип ататко айырмасы ото чон бизге Караганда ушулар да тартип кучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан