Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы дарыядан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июнда саат 17:20 чамасында Кызыл-Кыя айылынын Майлуу-Суу дарыясынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМнын №55 өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, каза болгон белгисиз эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.