Аргентина курама командасынын мурдагы капитаны жана машыктыруучусу Диего Марадона 27-июнга караган түнү орун алган Аргентина-Нигерия беттешинде ортоңку манжасын көрсөттү.
Белгилүү футболчу оюндун 86-мүнөтүндө орун алган курама үчүн 2-гол болгон Маркос Рохонун таамай соккусунан кийин эки колунун ортоңку манжаларын көргөзгөн. Биринчи таймда команданын капитаны Лионель Месси гол киргизип эсеп санын ачкан.
Ортоңку манжаларын Марадона бирөөгө көргөзгөнбү же жөн гана ушундай жол менен Аргентинанын голуна сүйүнгөнбү белгисиз бойдон калды.
Аргентина курама командасына плей-офф баскычына чыгуу үчүн Нигерияны утуш зарыл эле. 2:1 эсебинде жеңишке жеткен Аргентина плей-оффто жүрүшүн улантмакчы.