Талкууга түшкөн ирандык күйөрман кыздар

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу ар кандай окуялар менен коштолууда. Тайпалык баскычтар аягына чыгайын деп, плей-офф баскычында оюнду уланта турчу командалардын көпчүлүгү аныкталды. Ал эми бул ирет жакшы оюн көргөзө албай калган улуттук курама командалар үйлөрүнө жол тартышты.
Өз улуттук курама командасын колдоп келген күйөрмандар Орусиянын аймагында көп. Шаардан шаарга барып, өзүнүн командасына дем-күч берип алдыга сүрөгөн футбол сүйүүчүлөрүн да ар кандай окуялар коштобой койбойт.
Алсак, интернетте өтө кеңири тарап, кызуу талкууга алынган ирандык күйөрман кыздын сүрөтү. Бир караганда жөн гана күйөрмандык кылып жаткан сулуу кыздын сүрөтүндөй көрүнөт. Бирок жакшылап караганда моюнунда илинип турган күйөрмандын паспортунда ал хиджаб кийип түшкөнүн байкоого болот. Иран өлкөсүнүн мыйзамына ылайык, аялдар милдеттүү түрдө жабык кийинип жүрүшү керек. Эгерде мыйзамга баш ийбесе полиция кызматы камакка алат.
Интернет колдонуучулар Дүйнө чемпиондугу ирандык кыздар үчүн эркиндикти берди. Бирок интернетке кеңири тарап кеткен сүрөттөрү үчүн алар өз мекенине барганда жазага тартылып калышы мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми көпчүлүк интернет колдонуучулар кызды мактоого алышып кыз бул кадамы менен эрктүү, чечкиндүү кыз экенин көрсөткөндүгүн айтып чыгышты.
Эмнеси болсо дагы Иран улуттук курама командасын колдоо үчүн келген кыздары ар бир оюнду көркүнө чыгарышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sizge.kat
2018-06-27 19:27:15
Баары жакшы эле жаман эч нерсе жок
+5
Shanson
2018-06-27 19:50:12
Я вас умоляю деп коёт го, ирандык кыздар четке чыкканда өтө эле ачылып кетет :) Самолетко отурганда эле ачылып баштайт деп айтышат көргөндөр. Факт, сыртта жүргөндө кө+ү-башын аппачык кылып эле жүрүшөт. Иранга барганда эле жамынышып калышат. Жамынбаса милийсасы түйрүп коёт ))
-1
Erlan_95
2018-06-27 23:26:14
Shanson,булар шииттер ошого динге ото бекем эмес чечип сала берет Ананда хиджаптыда толук салынбайт
-1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-27 20:12:50
Койгулачы эркиндик берди деп! Хиджаб да журсо эмне эркиндик эмеспи?!Паранжа эмеско !Кыз деген абирийин жабып кыздай эле болуп журсо ошол эркиндик!Ачылып чачылып журсо корунгондуку болот! Хиджаб бул мусулман аялдарына парз!
-1
Dembele84
2018-06-27 21:16:18
Azatbek.Svoboda.,Алар учун эркиндик да,дайыма озу каалагандай кийине албай жамынып журушсо,баары бирдей эмес,башкача свободна кийингенди калаагандары да четтен табылат аларда!
-2
Matahara1980
2018-06-27 20:51:15
Породистый кыздар экен бир супсулуу
0
Atas
2018-06-27 20:53:44
Буларын сулуу болгон менен тамеки чегишет жанына барсан колонзосунан дурр дей тушосун
+1
Matahara1980
2018-06-27 20:55:36
Atas,)))
-2
bahabaike
2018-06-27 21:02:27
Эхх шугур баары бир биздин кыздар сулуу экен. Булардын эле эмес азиаттардын эн эле сулуулары биздин кыздар!!!
+8
i1urp
2018-06-27 22:48:45
Хиджабка жол жок. Арабтар журо беришсин оронуп, чумконуп. Биз кыргыздар жузубузду каткандай кылмышкер эмеспиз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан