28-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын беттештери уланат. Анда "Спартак" стадионунда "Е" тайпасынын алкагында Сербия-Бразилия курамаларынын беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Алиреза Фагани (Иран) болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 00:00дө старт алат.
23:45. Сербия курамасынын тизмеси:
23:47. Бразилия курамасынын тизмеси:
23:49. Аталган оюнда Дуглас Коста менен Луис Данило жаракаттан улам оюнга чыкпайт. Ал эми Сербия курамасында бардык оюнчулар беттешке чыгууга даяр.
23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Сербиянын гимни жаңырды.
23:57. Бразилиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
00:00. Калыс ышкырып, беттешке старт берди. Топту оюнга бразилиялыктар кошту.
00:01. Фелипе Коутиньо алыстан сокку узатты, бирок таамай болгон жок.
00:02. Алгачкы мүнөттөн Бразилия чабуулга чыгып, Жезустун соккусу өнөктөшүнө тийип, калыс офсайд абалын каттады.
00:03. Габриэл Жезус кайрадан офсайд абалында болду. Топ Сербиянын карамагында.
00:04. Калыс кайрадан офсайд абалын каттады. Бул ирет Александр Митрович офсайдда болду.
00:05. Душан Тадич чабуулга чыгып, бирок ийгиликтүү боло алган жок. Бул жерден коргоочулар мыкты оюн көрсөттү.
00:06. Бразилиялыктар топко ээ болуп, жай ыргак менен чабуулга барып жатат. Буга чейин алар 2 кооптуу абал жаратканга жетишкен.
00:07. Душан Тадичтин кайрадан айып аянтчага кирип келүү аракети ийгиликтүү болгон жок. Топто бразилиялыктар.
00:08. Марсело жаракат алып калгандай көрүнөт. Машыктыруучу аны алмаштырат.
00:09. Алмаштыруу орун алды. Марселону Филиппе Луис алмаштырды.
00:10. Виллиан чабуулга чыккан учурунда топту жоготту. Ал топту тартып кеткен атаандашынын артынан жетпей эреже бузду.
00:11. Сербиялыктар топту тез оюнга кошуп чабуулун баштады.
00:12. Алгачкы 10 мүнөттө Бразилия топко 70 пайыз көзөмөл кылды.
00:13. Тошич алыскы аралыктан сокку узатты, топ коргоочуга тийин оюн талаасынан чыгып кеткени менен Сербия бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
00:14. Бурчтан чыгарууну Александр Коларов аткарып, таамай боло алган жок.
00:15. Сербия оюн ыргагын таап, акырындык менен оюнга активдүү кошулууда.
00:16. Виллиандын айып аянтчага чыгарылган тобу өнөктөшүнө жетпей калды. Топ сербиялыктарда.
00:17. Өнөктөшүнүн чыгарып берүүсүнөн кийин Паулиньо дарбазачы менен бетме-бет чыкканга мүмкүнчүлүк алды. Бирок топто алгач дарбазачы болуп, топту алып койду.
00:18. Фелипе Коутиньонун айып аянтчага көтөргөн тобун дарбазачы тосуп алды.
00:19. Бразилиялыктар айып аянтчага кирип келип, бирок коргоочулар топту талаанын сыртына чыгарды. Бразилиялыктар топту бурчтан чыгарат.
00:20. Виллиандын айып аянтчага көтөргөн тобу өнөктөштөрүнө жеткен жок. Сербиялыктар топту тартып кетти.
00:21. Сербиялыктардын чабуулга чыгуусу, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен аяктады. Аны Адем Льяич аткарып, мыкты боло алган жок.
00:22. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бразилия - 64 пайыз, Сербия - 36 пайыз.
00:23. Учурда Бразилия топко ээ болуп, акырындан чабуулга барууда.
00:24. Неймар атаандашын тынчсыздандырды. Жезус 2 коргоочуну алдап, Неймарга чыгарып берүү жасаган. Неймар дароо сокку узатса, аны дарбазачы кайтарганга жетишти.
00:25. Соккулар боюнча статистикада эсеп 1:1.
00:26. Оюн убактылуу токтотулду. Габриэл Жезус жаракат алып, дарыгерлердин жардамын алууда.
00:27. Виллианга каршы оюн эрежеси бузулуп, калыс оюнду токтотту.
00:28. Жезус Неймардын чыгарып берүүсүнөн соң дарбазачы менен бетме-бет кез келгенге мүмкүнчүлүк алган. Бирок Жезус чабуулду жай ыргакта аткарып, алгач 1 коргоочуну алып сокку узатты. Бирок топ дагы бир коргоочуга тийип оюн талаасынан чыгып кетти.
00:29. Бурчтан чыгарууну Неймар аткарып, ийгиликтүү боло алган жок.
00:30. Соккулар боюнча статистика 2:1, Бразилия алдыда.
00:31. Тиаго Сильва атаандашына каршы орой ойноп, эреже бузду. Калыстын ышкырыгы жаңырып, бирок айып кагаз көрсөтүлгөн жок.
00:32. Контр-чабуулга чыккан Неймарга каршы оюн эрежеси бузулуп, Адем Ляич сары айып кагаз менен белгиленди.
00:33. Сербия курамасы ылдамдык менен чабуулга чыгып, айып аянтчанын ичинен Тадич Александр Митровичке топту чыгарып берди. Митрович дароо сокку узатты. Бирок ал таамай боло алган жок.
00:34. Бразилиялыктар топко ээлик кылып, жай ыргак менен чабуулга чыгууда.
00:35. Го-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Коутиньонун чыгарып берүүсүнөн кийин Паулиньо дарбазачы менен бетме-бет келип, таамай соккусу менен эсеп санын ачты.
00:36. Сербия топту оюнга кошуп, дароо чабуулга чыкты. Алардын атаандашынын айып аянтчасына кирип келүү аракети ийгиликтүү болгон жок.
00:37. Сербиялыктар Коутиньону бутка тээп жыгылтты. Бразилиялыктар айып сокку аткарат.
00:38. Сергей Милинкович-Савич командасына топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып келди. Бурчтан чыгарууну Ляич аткарат.
00:39. Душан Тадич алыстан узаткан соккусу таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
00:40. Филип Костичтин айып аянтчага багытталган чыгарып берүүсүн коргоочулар кайтарып, сербиялыктар топту бурчтан чыгарат.
00:41. Адем Ляичтин чыгарып берүүсү таамай болгон жок. Бразилиялыктар топту алып, дароо чабуулга чыгышты.
00:42. Душан Тадич атаандашына каршы эреже бузуп калыстын ышкырыгы жаңырды. Топ бразилиялыктарда.
00:43. Бразилиялыктардын чабуулу ийгиликтүү болбой, сербиялыктар тез контр-чабуул аткарганга аракет кылган. Бирок коргоочулар мыкты ойноп, топту алып коюшту.
00:44. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бразилия - 58 пайыз, Сербия - 42 пайыз.
00:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
00:46. Неймардын алыскы аралыктан узаткан соккусу бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазадан саналган сантиметрде гана өттү.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм соңуна келди.
01:04. Калыс 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:1.
01:05. Алгачкы мүнөттөрдөн бразилиялыктар топту алып, Неймар айып аянтчадан топту кабыл алган, бирок ал офсайд абалында болуп калды.
01:06. Неманья Матич Жезусга каршы орой ойноп, сары айып кагазын алды.
01:07. Сербиялыктар өзүнүн айып аянтчасынан топту алып чабуулга чыкты. Бирок чабуул ийгиликсиз болду.
01:08. Неймар кайрадан офсайд абалында болуп калды. Жакшы мүмкүнчүлүк бар болгон.
01:09. Виллиандын айып аянтчага чыгарып берүү мүмкүнчүлүгү таамай болгон жок.
01:10. Сербиялыктардын тез контр-чабуулу, атаандашынын айып аянтчасында ийгиликсиз болду. Топ Бразилиянын карамагында.
01:11. Сергей Милинкович-Савич алыскы аралыктан сокку узатты, бирок аны коргоочулар кайтарганга жетишти.
01:12. Кооптуу абалды Сербия жаратты. Адем Ляичтин чыгарып берүүсү өнөктөшүн дарбазачы менен бетме-бет чыгармак. Бирок коргоочулар топту тосуп калганга жетишти.
01:13. Бразилия тез контр-чабуулга чыкты. Неймар сол канаттан топту кабыл алып, дарбазачы менен кез келди. Анын узаткан соккусун Стойкович тосуп калды. Бразилия топту бурчтан чыгарат.
01:14. Неймардын бурчтан чыгарган тобун коргоочулар кайрадан оюн талаасынан чыгарды. Бразилия дагы бир бурчтан чыгаруу аткарат.
01:15. Бурчтан чыгарууну кайрадан Неймар аткарып, анда дагы коргоочулар топту талаадан чыгарды. Экинчи чыгарууну Виллиан аткарып, бирок ал таамай боло алган жок.
01:16. Фелипе Коутиньо айып аянтчага чыгарган тобу менен өнөктөшүн тапкан жок. Топко сербиялыктар ээ.
01:17. Александр Митрович айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узаткан, бирок аны коргоочулар тосуп Алиссон топту алып койду.
01:18. Сербия оюндун ыргагын таап, Бразилияны кысымга алууда.
01:19. Александр Митрович Душан Тадичтин чыгарып берүүсүнөн кийин сокку узатканга жетишпей калды. Топту коргоочу айып аянтчадан кубаттуу сокку менен тээп чыгарды.
01:20. Сергей Милинкович-Савич алыстан сокку узатты, бирок бир топ таамай болгон жок.
01:21. Соккулар боюнча статистика: Сербия -6, Бразилия - 5.
01:22. Алиссон дарбазасын секирип сактап калды. Соккуну Александр Митрович аткарды.
01:23. Бразилия курамасында алмаштыруу орун алды. Фернандиньо оюн талаасына чыкса, Паулиньо оюндан кетти.
01:24. Неймар атаандашынын айып аянтчасына чыгаруу жасап, аракети менен 2 жолу топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
01:25. Го-о-о-л! Эсеп 0:2. Тиаго Сильва бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап, Стойковичке тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.
01:26. Сербия топту оюнга кошуп дароо чабуулга чыкты. Филип Костичтин айып аянтчага чыгарган тобу ийгиликсиз болду.
01:27. Фелипе Коутиньо алыстан сокку узатты. Топ коргоочуга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти. Бразилия топту бурчтан чыгарат.
01:28. Александр Митрович эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
01:29. Филипе Луис бурчтан чыгарылган топту тосуп алып, сокку узатты. Бирок ал таамай боло алган жок.
01:30. Соккулар боюнча статистикада Бразилия 8 сокку жасап анын бешөө таамай болсо, Сербия 7 сокку жасап, анын 1 соккусу гана таамай болду.
01:31. Сербия курамасында алмаштыруу. Адам Ляичтин ордуна оюнга Андрия Живкович кошулду.
01:32. Неймар сол канаттан айып аянтчага кирип келип топту жоготконго үлгүрдү.
01:33. Топко көзөмөл кылуу боюна статистика: Бразилия - 54 пайыз, Сербия - 46 пайыз.
01:34. Бразилия чабуулду жай аткарып, кооптуу абал жаратканга аракет кылууда.
01:35. Каземиро алыстан сокку узатты, бирок таамай болгон жок.
01:36. Неманья Матич айып аянтчанын ичинен сокку узатып, таамай боло албай калды.
01:37. Бразилия курамасында алмаштыруу. Фелипе Коутиньонун ордуна оюнга Ренато Аугусто кошулду.
01:38. Бразилия курамасы топту орто бөлүктө кармап, чабуулга чыгууга шашпай жатат.
01:39. Сербия оюнчусун алмаштырды. Филип Костич кетип, анын ордуна Неманья Радонич оюнга кошулду.
01:40. Неймардын жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал 11 метрлик чийиндин жанынан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды.
01:41. Сербиялыктардын аткарган чабуулдары көпкө созулбай эле, топ Бразилиянын карамагында болуп калууда.
01:42. Эреже бузуу боюнча статистика: Сербия - 13, Бразилия - 7.
01:43. Неймар дарбазачы менен бетме-бет келип, аны алдап өтө албай койду. Неймар дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно алган жок.
01:44. Сербиялыктар контр-чабуулга чыгып, Александр Митрович сокку жасаган, бирок топту коргоочулар тосуп калды.
01:45. Неймар атаандашынын айып аянтчасына кирип келип сокку узатты. Топ коргоочуга тийип, сербиялыктар топко ээ болду.
01:46. Сербия курамасында алмаштыруу орун алды. Александр Митровичти Лука Йович алмаштырды.
01:47. Сербиялыктар чабуулга чыгып, бразилиялыкка коргоочуларды өтүп кетүү жолун таппай жатат. Алардын чабуулдары кайрадан топту жоготуу менен аяктап жатат.
01:48. Беттештин негизги убактысы аягына келип, калыс 3 мүнөт кошту.
01:49. Андрия Живкович коргоочуларды өтүп сокку узатканга жетишти. Соккусу таамай болгон жок.
01:50. Неймар кайрадан гол киргизүүгө шашылып жатат. Стойкович менен кез келип, аны 2-ирет алдап өтө албай калды.
01:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш соңуна жетти. Бразилия 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.
01:52. Бул жеңиш менен Бразилия курамасы "Е" тайпасында 1-орун менен чыгып, плей-офф баскычында Мексика менен кез келет.