Швейцария-Коста-Рика 2:2. Швейцария 1\8 финалда Швеция менен беттешет

Арбаңыздар урматтуу күйөрмандар! Алдыңыздарга Швейцария-Коста-Рика оюнун сунуш кылабыз. Коста-Рика плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготсо, Швейцария өз жүрүшүн улантууга аракет кылат. Биз менен бирге болуңуздар.

Швейцариянын курамы:

Дарбазачы: Зоммер Янн

Коргоочулар: Лихтштайнер Штефан, Шёр Фабиан, Аканджи Мануэль, Родригес Рикардо

Жарым коргоочулар: Бехрами Валон, Жака Гранит, Шакири Жердан, Жемаили Блерим, Эмболо Брель

Чабуулчу: Гавранович Марио

Коса-Риканын курамы:

Дарбазачы: Навас Кейлор

Коргоочулар: Гамбоа Кристиан, Акоста Жонни, Гонсалес Жанкарло, Уостон Кендаль, Овьедо Брайан

Жарым коргоочулар: Колиндрес Даниэль, Борхес Сельсо, Гузман Давид II, Руис Брайан

Чабуулчу: Кэмпбелл Жоэл

23:54. Өлкөлөрдүн гимни жаңырууда.

00:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн башталды.

00:02. Оюндагы биринчи кооптуу абал Швейцария тараптан аткарылды. Шакиринин соккусу таамай болгон жок.

00:06. Оюн абдан кызык өтөт өңдөнөт. Анткени башталар замат Швейцариянын үстөккө босток соккуларына күбө болдук. Бирок Навас азырынча былк этпейт.

00:12. Коста-Рика дагы сапаттуу жооп узата алды. Азырынча бир жолу гана.

00:17. Оюн акырындап бир темпке түшүүдө. Демилгенин баары Швейцария тарапта.

00:19. Коста-Риканын анча кооптуу эмес чабуулунан кийин швейцариялыктар позициялык чабуулга чыгууга аракетин көрүп жаткан учуру.

00:23. Өз учурун күтүп, коргонууда ойноп жаткан Коста-Риканын максаты аз жерден ишке ашып кете жаздады. Үч оюнчу контр-чабуулга чыгып, бирок соккуну коргоочунун буту тосуп калды.

00:26. Кийинки баскычка өтүү үчүн Швейцарияга жеңиш керек. Тең чыгуу болуп калса Швейцариянын тагдыры Бразилия-Сербия оюнунан көз каранды болот.

00:29. Атаандашка орой оюн көргөзгөн Кэмпбелл сары айып кагазын алды.

00:33. ГОЛ. Коста-Рикалыктар талаа ортосунда топту алдырып, анын жыйынтыгында өз дарбазасына гол өткөрүп алды. Голдун автору Жемаили Брелим.

00:36. Голдон кийин эсепти теңөөгө болгон аракет Коста-Рика тарабынан азырынча байкала элек. Топ көбүнесе кызылдардын карамагында болууда.

00:38. Жердан Шакири Коста-Риканын айып аянтчасында өз өнөрүн көргөзүп, эки коргоочуну алдап өткөн. Бирок соңку топту өткөрүү таамай болбой калды.

00:41. Эсепти теңөө үчүн коста-рикалыктар алгач топту өз карамагына алуусу керек болот. Бирок кызылдар бул нерсеге каршы.

00;42. Коста-Риканын ылдам чабуулу кооптуу абал жарата алды. Узатылган топко чабуулчу жетише албай калды.

00:45. Ал аңгыча биринчи бөлүк өз соңуна жакындап, калыс бир мүнөт убакыт кошуп берди.

00:46. Швейцариянын бурчтан чыгаруусу орун алып, Коста-Рика каршы чабуулга аракет жасап, бирок аягына чыгара алган жок. А калыстын кошкон убактысы аягына чыкты. 15 мүнөт тыныгуу.

1:02. Экинчи бөлүк старт алды.

1:05. Коста-Рикалыктардын бурчтан берүүсү таамай болбой калган. Бирок топко жетип келген оюнчу мыкты пас чыгарып берген. Тилекке каршы, ак түстөгү оюнчу топту таамай тебе алган жок. Абдан кооптуу абал жаралды деп айтсак жаңылышпайбыз.

1:09.Эки тарапка тең кезек менен чабуул жасалды. Экөө тең ийгилик менен аяктаган жок.

1:12. Коста-Рикадан мыкты чабуул. Дарбазанын эки канатынан тең сокку узатып көрүштү. Бирок ийгиликсиз.

1.13. ГОЛ! Бурчтан чыгарылган топту Уостон башы менен дарбазага багытталды. Бул гол Коста-Риканын азырынча чемпионаттагы жападан жалгыз голу.

1:19. Оюндагы алгачкы алмашуу - Закариянын ордуна Бехрами чыкты.

1:21. Эки тараптан тең адашуулар сериясы орун алды. Бир команда бир азыраак так ойносо голго күбө болушубуз мүмкүн эле.

1:23. Коста-Риканын позициялык чабуулу жадакалса кооптуу сокку узатууга чейин жетти. Таң калычтуу көрүнүш.

1:26. Оюн карама-каршы маанайга алмашып калгандай. Коста-Рика көбүрөөк чабуул жасап, швейцария коргонууда.

1:28. Швейцария топту өз көзөмөлүнө кайтарып алууга белсенүүдө.

1:31. Оюндун ыргагы бир топ жайлады. Баштагыдай тез кыймыл жок. Албетте, буга командалардын 75 мүнөттөн бери чуркап жатканы себеп.

1:32. Оюн эрежесин бузган Закария сары кагаз алды.

1:35. Кызылдар эки жолу катары менен кооптуу сокку узатышты. Бир жолу дарбазаны Навас сактап калса, бир жолу дарбаза мамычасы сактап калды.

1:38. Кэмпбелл топту өзү жалгыз үч оюнчуну алдап өтүп, атаандаштын дарбазасына чейин алып келген. Бирок соңку көз ирмемде ага ийгилик жылмайган жок.

1:40. Алмашуу. Шакиринин ордуна Ланг талаага чыкты.

1:43. Кэмпбелл Коста-Рикадагы кандайдыр бир спорттун түрүн элестетип кеттиби, айтор, атаандашын артынан келип сүздү.

1:45. ГОЛ. Дрмич! Алмашууга чыккан оюнчу өлкөсүн алдыга сүйрөп чыкты.

1:48. Видео кайталоону көрүп чыккан калыс Швейцариянын дарбазасына койгон 11 метрлик айып соккудан баш тартты.

1:50. Бир айып соккудан кутулган кызылдар дароо эле экинчи 11 метрликке тутулду. Узатылган сокку алгач дарбаза мамычасына, андан кийин дарбазачыга тийип кирди. Голдун автору - Руис.

1:52. Ушуну менен Швейцария-Коста-рика оюну соңуна чыкты. Жыйынтыгында Е тайпасындагы Бразилия менен Швейцария плей-офф баскычына өтсө, Сербия менен Коста-Рика үчүн чемпионат бүтүп отурат. Кийинки оюндардан кезиккенче аман туруңуздар!

Коста-Рика - Швейцария
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adi.Avazbekov
2018-06-28 01:19:02
1 1
0
keba300989
2018-06-28 09:34:06
Жакшы оюн болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан