Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда айыпталуучулардын бири Болот Имамадиев акыркы сөзүн сүйлөдү. Имамадиев иштин эскирүү мөөнөтү бүттү деп соттон ишти токтотууну суранды. Андан соң соттук коллегия чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.
Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.