Орусияда селфи жасамакчы болгон адам бийик аттракциондон учуп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Иркутск шаарынын жашоочулары кайтарууга алынган жаңы гана салынып жаткан бийик аттракционго чыгышкан. Андан соң алар спирттик ичимдиктерди иче башташкан. Көп өтпөй бирөө селфи жасайм деп жатып аттракциондон кулап түшкөн. Кулап түшкөн адам дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер абалын оор деп баалашууда.
Белгилүү болгондой, жалпысынан аттракционго 4 киши чыккан, алардын экөөсүнө коомдук тартипти бузганы үчүн административдик иш козголгон.
Аталган аттракциондун ачылышы техникалык себептерден улам 4 жолу жылдырылган. Ал 2017-жылы курулуп баштаган.