"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасына тасма тартуу үчүн сценарист менен режиссёрго сынак жарыяланды

"Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасына жазылган мыкты сценарийге жана режиссёр-коюучуга сынак жарыялады. Бул тууралуу кинематографисттер союзу билдирди.

Белгилүү болгондой, сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу ушул жылдын 26-июнунан 26-августуна чейин уланат. Ал эми катышуучулардын арасынан эң мыктысын киностудиянын көркөм кеңеши аныктайт.

Белгилей кетсек, мыкты сценарий үчүн драматургдар, жазуучулар, адабиятчылар катыша алат. Ал эми режиссёр-коюучулук кызматка тек гана тажрыйбалуу режиссёрлор катышуусу шарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Yago.limon
2018-06-28 16:38:51
Ооо кубандырчу жанылык."Жизнь Пи"кино тасмасына окшотуп коюшпасале ((
0
Dembele84
2018-06-28 17:26:29
Ушундай кинолорду тартса жакшы болмок,самый главный жакшы режисер таап,кинону жакшыраак тарткыла,анан актерлорду да тыкыр текшерип тандап алгыла,таанышы аркылуу келип калган таланты жок,соз жаттаганын айткан актерлорду толтуруп албагыла!
0
Ulan8383
2018-06-28 19:59:23
Dembele84,тамашоунун балдарын аралаштырбагыла деп эле айтыш керек. Тойгозушту ошол ХХХХХХХХ
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан