Кечээ, 27-июнда Дүйнө чемпиондугунун тайпалык оюндарынын алкагында Түштүк Корея-Германия беттеши орун алды. Анда Түштүк Кореянын курамасы Германия курамасын 2:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиши менен кореялыктар өздөрү плей-офф баскычына чыкпаса дагы Мексиканын плей-офф баскычына өтүшүнө өбөлгө түзүп бере алышты.
Улуттук курама команданын жеңишин бүткүл Мексика майрамдады. Мехикодогу Түштүк Кореянын консулуна чогулгандар ыраазычылык билдирип, жадакалса жергиликтүү тургун кубангандан консулду ийинине отургузуп алган. Чогулган тургундардын кубанычын консул тең бөлүшүп текила ичкенге үлгүргөн.