Кыргыз балбандар Грузияда өтүүчү Гран-При мелдешине катышат. Тизмеде Азия чемпиону жана Олимпиада оюндарынын катышуучулары бар

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Грузияда өтүүчү эл аралык Гран-При мелдешине катышат.

Тбилиси шаарында 1-6-июль аралыгында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн башкы машыктыруучу Руслан Мажиновдун башкаруусунда 6 спортчу катышат. Андан тышкары аталган мелдешке 2 Кыргыз калыс барат. Спортчулардын арасында 2018-жылкы Азия чемпиону Муслим Евлоев, 2018-жылкы Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси Улукбек Жолдошбеков, 2016-Рио Олимпиада оюндарынын катышуучусу Эламан Догдурбек уулу жана башкалар бар.

Кыргыз курамасынын тизмеси:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Ташматов - спорт чебери;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;

65 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Осмонов - спорт чебери;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Эламан Догдурбек уулу - эл аралык даражадагы спорт чебери;

74 килограммга чейинки салмак ченинде: Муслим Евлоев - эл аралык даражадагы спорт чебери;

97 килограммга чейинки салмак ченинде: Магомед Мусаев - спорт чебери;

Калыстар: Айбек Акматов, Сүймөнкул Таабалды уулу;

Башкы машыктыруучу: Руслам Мажинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан