Нарын облусунда 7-ирет эл аралык "Кыргыз шырдагы" фестивалы өткөрүлүүдө

Нарын облусунда 7-ирет "Кыргыз шырдагы" деген аталыштагы эл аралык фестиваль өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда Нарын облусунун Нарын шаарында "Кыргыз шырдагы" эл аралык фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Фестивалга Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынан, Кыргыз Республикасынын министрлик, ведомстволорунан, эл аралык уюмдардын, республиканын жети дубанынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынан, Кыргыздагы бизнес коомчулуктар, туристтик жана соода компанияларынын, "Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин" өкүлдөрү катышууда.

"Кыргыз шырдагы" фестивалы элдик көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын жандандыруу, облустар аралык маданий-экономикалык байланыштарын бекемдөө, фестивалдын натыйжаларын жогорулатуу жана улантуу менен үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна алгач даярдык көрүү, Региондорду өнүктүрүү жылына карата улуттук кол өнөрчүлөр тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды жарнамалоо максатында уюштурулууда", - дейт катчы.

Үч күндүк фестивалдын алкагында Нарын шаарынын "Ала-Тоо" стадионунда "Мыкты шырдак", "Илгерки шырдак" кароо-сынактары, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери, "Кол өнөрчүлөрдүн устат-шакирт" мастер-класстары, театрлаштырылган улуттук каада-салттар концерттик программа менен коштолот. 29-июнь күнү Нарын мамлекеттик университетинде "Шырдактын тарыхы" аттуу илимий конференция, облустук тарыхый-этнографиялык музейинде "Кыргыз мурасы: кол өнөрчүлүк. Оюулары жана орнаменттери" аталыштагы залдын ачылышы өтөт. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп мыкты деп табылган шырдак музейге өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан