Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Анатолий Карповдун кубогу старт алды

Бүгүн, 29-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Анатолий Карповдун кубогу старт алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Аталган мелдеш 28-июндан 8-июлга чейин өткөрүлүп, ага Беларусь, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнүн 80ге жакын спортчулары катышууда. Жалпы эсепте 6, 8, 10, 12 жашка чейинки шахматчылар арасында 8 медалдар топтому ойнотулат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Орусиянын депутаты, шахмат боюнча 3 жолку дүйнө чемпиону Анатолий Карпов жана эл аралык шахмат федерациясынын вице-президенти Георгиос Макропулос катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан