Сот Канат Исаев боюнча кылмыш ишин токтотту, бирок ал камакта калды

28-июнда Бишкек шаардык сотунда Токмок шаарынын экс-мэри Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өттү.

Анда соттук коллегия Исаевге карата кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аны токтотуп, "коррупция" беренесинен "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөртүү чечимин кабыл алды. Айыпталуучулар Токмоктун экс-вице-мэри Болот Имамадиев жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Мирлан Эсенбеков сот залынан бошотулду, ал эми экс-мэр Канат Исаев камакта калды.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

Канат Исаев боюнча кылмыш иши токтотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nanei
2018-06-28 17:52:41
Эптеп септеп убакыт откоруп атышып чыгарып жиберишет,коросунор го
0
Rusi79
2018-06-28 19:01:30
жадатышты саясий "серепчилер,активистер,байкоочулар,адам укугун коргоочулар,ж.б.у.с куйгуздунор акылдуусуна берип.супер жазбагылачы ошолордун ой пикирин толку жок.
+2
Chungyz
2018-06-28 21:30:33
Баары бир команда
0
bekmirzach
2018-06-29 17:17:05
Канат Исаев Атамбаевге жакпай калагадыгы үчүн эле камалып кеткен. Ушуну саясий куугунтук деп айтса болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан