Ош шаарында эс алуучу жайдын кароолчуларын сабаган белгилүү спортчу жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 20-июнь күнү милицияга Ош шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин кароолчуларын белгисиз бирөөлөр сабап кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда сабалган балдардын экөөнүн жаак сөөгү сынып кеткени, бирөө жеңил жаракат алганы белгилүү болгон.
Милиция "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөргө издөө жарыялаган. Издөө иштеринин натыйжасында 25-июнь күнү 1992-жылы туулган Бекболот Абдылда уулу жана 1993-жылы туулган Р.Ж. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, "бейбаштык" беренеси жабырлануучулар медициналык экспертизадан өткөндөн кийин "денеге оор залал келтирүү" боюнча беренеге өзгөртүлүп, материалдар Ош шаардык сотко жөнөтүлгөн.
"Биз ишти сотко өткөргөнбүз. Кечээ, 27-июнда Ош шаардык соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарыптыр", - дешти милициядан.
Мекемеден баса белгилегендей, кармалган 26 жаштагы Бекболот Абдылда уулу белгилүү ММА мушкери болсо, Р.Ж. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн болгон.