Бүгүн, 28-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын беттештери уланат. Анда "Волгоград Арена" стадионунда "Н" тайпасынын алкагында Япония-Польша курамаларынын беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Женни Сиказве (Замбия) болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.
19:45. Япония курамасынын тизмеси:
19:49. Польша курамасынын тизмеси:
19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Япониянын гимни жаңырды.
19:57. Польшанын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
19:58. Топту оюнга Польша курамасы кошот.
20:00. Калыс ышкырып беттешке старт берди.
20:01. Алгачкы мүнөттөрдөн Япония курамасы эсепти ачканга мүмкүнчүлүк алды. Есинори Муто дарбазачы менен бетме-бет келип, сокку узатканга жетишпей калды. Фабьяньский дарбазадан чыгып, топту айып аянтчадан чыгарып кетти.
20:02. Польшалыктар чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды. Аны Рафал Курзава аткарып, ийгиликтүү боло алган жок.
20:03. Япония курамасы топту көзөмөлүнө алып, азырынча орто бөлүктөн чабуулга чыга элек.
20:04. Польшалыктар тез контр-чабуулга өтүп кетүүгө ээ болду. Айып аянтчадагы Левандовски топту кабыл алып, сокку узатканга үлгүрбөй калды. Коргоочулар топту айып аянтчадан чыгарып салганга жетишти.
20:05. Польша чабуулдан кийин оюндун ыргагын жайлатып, топту өзүнүн бөлүгүндө кармап жатат.
20:06. Япония тез контр-чабуулга чыгуу аракетин көрүп, бирок ийгиликтүү аткара алган жок. Польшалык коргоочулар өзүнүн айып аянтчасына келип калганга жетишти.
20:07. Артур Енжейчик коргоочуларды алдап өтүү аракетин көрүп, мыкты боло албай калды. Коргоочулар топту тартып алганга жетишти.
20:08. Талаанын орто бөлүгүндө япониялык оюнчулар оюн эрежесин бузду. Калыс аны көрүп ышкырыгы менен япониянын чабуулун токтотуп койду.
20:09. Польшалыктар топту көзөмөлдөп, өзү чабуулду ылдамдык менен аткарбай, атаандашына дагы чабуул жасоого мүмкүнчүлүк бербей жатат.
20:10. Япониялыктар орто бөлүктө топту тартып кетип, тез контр-чабуулга чыккан, бирок япониялык чабуулчу айып аянтчага кирүүгө жетишпей калды.
20:11. Польшалык коргоочулар ката кетирип, япониялык чабуулчу топко ээлик кылып кетти. Анын айып аянтчага кирип келүүсү ийгиликтүү болбой, айып аянтчадагы Синдзи Окадзакиге топту көтөрүп берген. Оказаки башы менен сокку узатып, таамай боло алган жок.
20:12. Йосинори Муто айып аянтчанын бурчунан топту алып, алыстан сокку узатты. Бирок анын соккусу таамай болбой калды.
20:13. Япониялык оюнчу Енжейчикке каршы эреже бузду. Калыс ышкырып, япон оюнчусуна эскертүү берди.
20:14. Польшага бул оюндагы жеңиш эч нерсе алып келбесе дагы чабуулга чыгып, кооптуу абал жаратканга шашылып жатат.
20:15. Япониялыктарга бул беттеште жеңиш гана керек, алар топко ээлик кылбай эле тез контр-чабуул менен гол киргизүү тактикасын тандаса керек.
20:16. Готоку Сакаи алыстан сокку узатып, бирок таамай болгон жок.
20:17. Топ учурда польшалыктарда, алар жайбаракат чабуулга чыгууда.
20:19. Муто каршы чабуулдан дарбазачы менен бетме-бет кез келмек, бирок артынан коргоочулар жетип келип, топту алып койду.
20:20. Польшалыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны Рафал Курзава аткарды. Камиль Глик анын чыгаруусун аткарып, сокку узатты. Бирок дарбазачы топту тосуп алганга жетишти.
20:21. Соккулар боюнча статистика: Япония - 2, Польша - 1.
20:22. Рафал Курзава алыстан сокку узатып коргоочуларга тийип калды.
20:23. Бартош Беришинский атаандашына каршы эреже бузуп, калыстын оозеки эскертүүсүн алды.
20:24. Оюндун ыргагы жайлап калды. Топ польшалыктарда, алар орто бөлүктө өз ара пасташып чабуулга шашпай чыгууда.
20:25. Муто жаракат алгандай көрүнөт. Ал оюн талаадасында аксап басып жүрөт. Бирок ал оюнду уланта берет окшойт.
20:26. Усами сол канаттан айып аянтчага кирип, Сакаинин чыгарып берүүсүн сүзгөнгө даяр болчу. Бирок коргоочу топту талаадан сыртка чыгарды.
20:27. Япониялыктар топту бурчтан чыгарып, сокку узатканга жеткен жок. Узун бойлуу коргоочулар топту айып аянтчадан сыртка чыгарды.
20:28. Топко польшалыктар ээ болуп, акырындык менен чабуулга чыккан. Левандовски алыскы аралыктан чыгарылган топту кабыл алып, ага каршы эреже бузулду.
20:29. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: 57 пайыз - Польша, 43 пайыз - Япония.
20:30. Роберт Левандовскинин коргоочуну алдап өтүү аракети ийгиликтүү болгон жок, Польша топту бурчтан чыгарат.
20:31. Польша кооптуу абал жаратканга жетишти. Гросицкий айып аянтчанын ичинен сокку узатып, таамай болгону менен дарбазачы мыкты ойноп, секирип топту тосуп кетти.
20:32. Соккулар боюнча эсеп: 2:2
20:33. Япон футболчулары топко ээ болуп, дароо чабуулга чыкты. Усаминин кубаттуу соккусун Фабьяньски кайтарганга жетишти.
20:35. Япониялыктар дагы эле топту көзөмөлдөп турган кези орун алууда.
20:36. Робетр Левандовски контр-чабуулдан дарбазачы менен бетме-бет кез келүү мүмкүнчүлүгү бар болмок. Бирок коргоочу ага чыгарылган топту талаадан сырткары чыгарганга жетишти.
20:37. Бурчтан чыгарган соң Рафал Курзава топту кабыл алып, сокку узатты. Бирок сокку таамай болгон жок.
20:38. Сакаи айып аянтчанын сол канатында топту кабыл алып сокку узатканга жетишпей калды. Коргоочу анын артынан жетип келип, топту айып аянтчадан чыгарды.
20:39. Оказаки айып аянтчадан башы менен сокку узатып, бирок топ коргоочуга тийип талаадан сыртка кетип калды.
20:40. Сибасакинин бурчтан чыгарган тобун Нагатомо жыйынтыктоого аракеттенгени менен, ал сокку узатканга үлгүргөн жок топту польшалыктар алып кетти.
20:41. Готоку Сакаи айып аянтчанын ичинен мыкты мүмкүнчүлүккө ээ болгон, бирок ал топту алган заматта коргоочулар топту алып кеткенге жетишти.
20:42. Польша акырындык менен Япониянын дарбазасына жакындап келүүдө. Алдын ала буга чейинки чабуудары өтө ийгиликтүү болгон эмес.
20:43. Топко Польша курамасы 54 пайыз көзөмөл кылууда.
20:44. Муто атаандашы менен топту талашууда оюн эрежесин болду. Калыс ышкырып, топ польшалыктарда.
20:45. Калыс 1-таймдын негизги убактысына 1 мүнөт кошуп берди.
20:46 Кошумча убакыт дагы аягына жетип, калыс беттешти токтотуп командаларды эс алууга кетирди.
21:03. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм старт алды.
21:04. Оказаки жаракат алып, оюн талаасын таштоого аргасыз болду. Анын ордуна оюнга Осако кошулду.
21:06. Польша курамасы топту көзөмөлдөп, оң канаттан чабуул жасады. Гросицкий абалды курчутуу аракетин көрүп, коргоочуну алдап өтө албай калды.
21:07. Берешиньский айып аянтчага кирип келип сокку узатканга даяр болчу, бирок калыстын ышкырыгы жаңырып, чабуул токтоп калды. Берешиньский оюн эрежесин бузган.
21:09. Муто айып аянтчанын ичинен айырмаланганга жетишпей калды. Айып аянтчага чыгарылган топту коргоочу тосуп кетти.
21:11. Акыркы 1 мүнөттө алгач Япония курамасы контр-чабуулга чыгып, ийгиликтүү болбой калды. Топту польшалыктар алып, контр-чабуулга чыкты. Айып аянтчага кирип калган Левандовскиге чыгарылган топту дарбазачы тосуп алды.
21:17 Го-о-о-о-л! Эсеп 0:1 Польша курама командасы эсеп санын ачты. Рафал Курзаванын айып аянтчага көтөргөн тобун Ян Беднарек таамай сокку менен жыйынтыктап, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
21:20. Япония курамасында алмаштыруу орун алды. Такаси Инуи оюн талаасына Такаси Усаминин ордуна чыкты.
21:23. Томоаки Макино Левандовскиге каршы оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.
21:25. Камиль Гросицкий коргоочуларга караганда жогору секирип сокку узатты. Бирок Гросицкийдин узаткан соккусу таамай болбой, топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
21:27. Такаси Инуи айып аянтчанын сыртынан кароосуз калып, алыстан кубаттуу сокку узатты. Анын соккусу бир топ таамай болбой, топ дарбазадан алыс өттү.
21:28. Осако айып аянтчага чыгаруу жасап, бирок өнөктөштөрүн тапкан жок. Коргоочулар топту тосуп алып, талаадан сыртка чыгарып салды.
21:29. Мая Йосида 11 метрлик чийиндин жанынан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды.
21:31. Польша тез контр-чабуулга чыгып, Левандовски мыкты мүмкүнчүлүктү коё берип жиберди. Гросицкий сол канаттан Левандовскиге чыгаруу жасаган, Левандовски 5 метр алыстыктан дароо сокку узатып таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
21:33. Топко көзөмөл кылуу боюнча статистикада Польшанын көрсөткүчү төмөндөп кетти. Польша - 48 пайыз, Япония - 52 пайыз.
21:35. Зелиньскинин айып аянтчага чыгарган тобун, коргоочу талаадан сыртка сүзүп чыгарды. Польшалыктар топту бурчтан чыгарат.
21:36. Камиль Глик бурчтан чыгарылган топту 11 метрлик чийиндин жанынан дарбазага багыттап таамай болгон жок.
21:37. Польша курамасында дароо 2 алмаштыруу. Рафал Курзаваны Славомир Пешко алмаштырса, Петр Зелиньскинин ордуна Лукаш Теодорчик чыкты.
21:38. Польша тез контр-чабуулга чыкты. Гросицкийдин оң канаттан айып аянтчага чыгарган тобун коргоочу талаадан сыртка чыгарып салды.
21:39. Япония курамасында алмаштыруу. Йосинори Мутонун ордуна Макото Хасебе чыкты.
21:40. Бурчтан чыгарган топту Артур Енжейчик дарбазага багыттап, бир аз таамай болбой калды.
21:42. Оюндун ыргагы жайлап калды. Топко япониялыктар көзөмөл кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
21:45. Соккулар боюнча статистика: Япония - 10, Польша - 11.
21:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 3 мүнөт кошуп берди.
21:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Польша курамасы 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.
21:52. Польша жеңишке ээ болгону менен, плей-офф баскычына өтө алган жок. Ал эми Япония курама командасы 4 упай менен "Н" тайпасынан 2-орундан плей-офф баскычына чыкты. Айта кетсек, “Н” тайпасында Сенегал курамасында дагы 4 упай бар болгон. Плей-офф баскычына чыгуу үчүн Япония менен Сенегалдын кошумча көрсөткүчтөрүн салыштырууда голдордун айырмасы бирдей болгондуктан, командалардын тагдырын фейр-плей упайлары чечти. Фейр-плей упайлары айып кагаздар менен саналмакчы. Сенегалдык футболчулар 3 турдун жүрүшүндө 6 сары айып кагаз, ал эми япониялыктар 4 сары айып кагаз алгандыктан Сенегал кийинки этапка өтпөй калды.