ИИМ: "Аламүдүн районунда 6 жашар кызды ырайымсыз зордуктаган 13 жашар өспүрүмдүн психикалык жактан ооруганы аныкталды"

Аламүдүн районунда 6 жашар кызды ырайымсыз зордуктаган 13 жашар өспүрүм Республикалык балдар психиатриялык ооруканасына жаткырылган. Мындай маалыматты ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иликтөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени аныкталган.

"6 жашар кыздын зордукталышы тууралуу соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда соттук-экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал эми медициналык-социалдык экспертизалар борборунун тактамасына ылайык, зордуктоого шектелген өспүрүм ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып катары 2016-жылдан бери каттоодо турары аныкталды. Ал ушул жылдын 25-майынан бери Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык балдар психиатриялык ооруканасына жаткырылган", - деп билдирди маалымат катчы.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесине ылайык, кылмыш жасаганга чейин 16 жашка толгон адам Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Кылмыш жасаганга чейин 14 жашка толгон балдар жогорудагы беренеде көрсөтүлгөн оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Эске салсак, буга чейин Кызыл-Бирлик айылында 2011-жылы туулган Т.С. аттуу кыздын зордукталып ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nuri1988Elim2010
2018-06-28 20:18:57
Оорулуу болсо мындай кыла алмак эмес
+3
Nuri1988Elim2010
2018-06-28 20:19:42
Акчасы коптун баласы окшойтда.А жабырлануучу бир карапайым адамдын кызы окшойтго
+8
jasgul
2018-06-28 20:48:56
1-топтогу майыптыкты беруу учун МСЭКтин корсотмосу боюнча пастельный болуш же байлатма жинди болуш кк эле го. Бир буту жок адамга 2-топ, ата -энесине баш ийбей уруп согуп калган псих оорулууга 2-топту бергенин билебиз. А бул кантип 1-топту алды экен. МСЭКти текшерууго алыш кк. Коррупция
+5
Dembele84
2018-06-28 21:02:32
Наоборот жинди адам мындайга барбайт,соо адам кылат мындай иштерди,текшергиле кимдин баласы экен и справка берген органды!
+3
Jasa
2018-06-28 23:08:18
Азыркы оорулуулар дагы кыйын окшойт анда сразу зордуктап……
Мурда уруп коюптур жинди ал,оорулуу деген кагазы бар дешчу,
+1
monster_high_98
2018-06-29 01:37:18
Хе хе, псих деген справка бекер таратылып калган кезиби, турмодогулор кыймылдагыла
0
Asyl.jazi
2018-06-29 05:46:37
Аны псих деп эми бошотуп коюшабы? 6 жашар кызды дагы кошо майып кылдыго психикалык жактан. Анын тагдырын ким ойлойт эми? Адам кандай болбосун өлүм жазасын киргизбесе болбойт
+1
tynara81
2018-06-29 12:14:40
Ошондо алар жоопкерчиликтен кутулуп кете береби. Бала оорулуу болсо, оорулуу баласын кароосуз калтырган ата-эне жоопко тартылсын.
0
Maha90
2018-06-30 07:54:12
Анда бары эле зоордуктап оорулумун дей беришет го эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан