69 жаштагы Алла Пугачёва 3-ирет эне болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 70тин кырына келип калган Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёва жана шоумен, куудул Максим Галкин кыз асырап алышты.
Белгилүү болгондой, Пугачёва агасынын баңгизаттан көз каранды болгон жалгыз уулу Влад Пугачёвдун кызын багып алган. Пугачёв баңгизатты көп убакыттан бери колдонгондугуна байланыштуу көптөгөн дарылануулар ага жардам берген эмес. Ал эми анын жубайы да баңгизаттан көз каранды болгондуктан учурда дарыланып жаткандыгы белгилүү болгон.