Панама-Тунис. Хазринин голу Туниске жеңиш алып келди

SUPER.KG порталы Панама-Тунис беттешин алдыңыздарга сунуш кылат. Эки команда тең кийинки баскычка өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Эки команда тең намыс үчүн, күйөрмандарына аз да болсо кубаныч тартуулоо үчүн ойношот. Андыктан эч кандай турнирдик интригасы жок, чыныгы эстетикалык оюнду биз менен чогуу күзөтүүгө чакырабыз.

Панаманын курамы:

Дарбазачы: Пенедо Хайме

Жарым коргоочулар: Годой Анибал, Гомес Габриэль, Авила Рикардо

Чабуулчулар: Барсенас Эдгар, Торрес Габриэль, Родригес Хосе Луис

Башкы машыктыруучу: Гомес Эрнан

Тунистин курамы:

Дарбазачылар: Матлути Аймен (Балбоули)

Коргоочулар: Наггуез Хамди, Бедуи Рами, Мериа Яссин, Хаддади Уссама

Жарым коргоочулар: Сасси Фержани, Скири Эйе, Шалали Гилан

Чабуулчулар: Бен Юссеф Фахредин, Хазри Вахби, Слити Наим

Башкы машыктыруучу: Маалул Набиль

Эки команданын тең упайы жок болсо да күйөрмандардын маанайы жакшы:

23:50 Эки команданын гимндери жаңырууда.

00:00. Ышкырык жаңырып оюн башталды. Тунис ак, Панама кызыл кийимчен.

00:01. Тунис тараптан биринчи чабуул. Борбордук бөлүктөн жаралган чабуул ийгилик алып келген жок.

00:02. Панаманын жообу стандарттык абал иштөө менен жыйынтыкталды. Тунистин дарбазачысы өз ордунда.

00:04. Кезек Тунистин айып соккусунда. Көтөрүлгөн топ баарынын башынан алыс өттү.

00:05. Кооптуу абал. Саасинин соккусу атаандаштын бутуна тийип калган.

00:07.Тунистин оюнчусунун акробатикалык соккусу таамай болгон жок.

00:08. Тунистин өз жарым талаасында жоготкон тобу аз жерде кооптуу абалга айланып кете жаздады.

00:09. Алгачкы мүнөттөрдө топ борбордук бөлүктө чанда турууда. Эки жакка алмак-салмак чабуулдар жүрүп жатат.

00:10. Тунистиктер бурчтан чыгаруу аткарып, панамалыктардын каршы чабуулуна шарт түзүп берди. Бирок артта калган коргоочулар топту алыстата алышты.

00:12. Топ Панаманын карамагында.

00.13.Тунистин алыстан чыгарылган тобун Панама дарбазачысы дээрлик бир колдоп тосуп алды.

0015. Тунис командасы позициялык чабуулдун негизинде панамалыктардын дарбазасына сокку узатты. Топ коргоочунун бутуна туш келген.

00:17. Панаманын позициялык чабуулун тунистик коргоочу тобокелчиликке салып токтото алды.

00:20. Бул мүнөттөрдө тунистиктер оюндун ыргагын башкарып, демилгени колго алышууда.

00:22. Панаманын тез чабуулу соккуга жеткен жок. Алдыга чыгууга түзүлгөн мүмкүнчүлүгүн алар колдоно алышкан жок.

00:24.Тунис капталдан чыгаруу жасайт.

00:25. Кезектеги ылдам чабуул жана кезектеги колдон чыккан мүмкүнчүлүк. Панамалыктар аттандаштын дарбазасына келгенде топту жоготушту.

00:26. Күчтүү чыгарылган топ Панаманын дарбазасынан ашып кетти.

00:28. Оюндун үчтөн бир бөлүгү соңуна чыгууда. Панама көбүнесе коргонууда.

00:29. Тунис топ менен талаа ортосунда. Панама коргоосун тешип өтүүгө арга издеп жаткан учуру.

00:32. ГОЛ! 21 жаштагы Хосе Родригестин дарбазага багытталган тобу Панаманын оюнчусу Мерияга тийип багытын өзгөрткөн. Жыйынтыгында дарбазачы топко жетишкен жок. Тунис алдыда.

00:36. Мына ушундай. Чабуул кылган - Тунис, гол киргизген - Панама.

00:37. Тунистен мыкты чабуул, топ дарбазанын мамысына туура келди.

00:40. Тунистин бир нече жолку чабуулун Панаманын коргоочулары жокко чыгарууда.

00:42. Биринчи бөлүк соңуна чыгууда. Тунис командасы ийгилик жылмайбай жатканына карабай алдыга барууда.

00:45. Беттеш калысы 2 мүнөт кошумча убакыт кошту.

00:46. Мына сага кооптуу абал. Тунис эсепти дээрлик теңеп койгондой болду. Бирок футболдо дээрлик деген сөз эсептелбешин жакшы билебиз. Панамага табият жардамга келди өңдөнөт.

00:47. Беттештин биринчи бөлүгү соңуна чыкты. 15 мүнөт тыныгуу.

1:03. Экинчи бөлүк башталды. Алмашуу бар. Панаманын курамына Торрестин ордуна Каммингс чыкса, Тунистин курамына Сассинин ордуна Бадри чыкты.

1:05. Экинчи бөлүктүн башталышында Тунис курамасы чабуулдарын улантууда.

1:06. Панамалыктар коргонуусун мыктап кармоодо.

1:07. Гол! Тунистин үстөккө-босток чабуулу акыр аягы жемишин берди. Ф. БЕН-ЮССЕФ эсепти теңеди.

1:09. Тунистин дароо алдыга чыгууга мүмкүнчүлүгү колдон чыкты. Бир нече көз ирмемдин ичинде Бен-Юссеф өзүнүн экинчи голун жаратып коё жаздады.

1:13. Эсеп теңелген соң панамалыктардын активдешүүсү байкалбайт. Тескерисинче, Тунис экинчи голду жаратууга аракет кылууда.

1:14. Панаманын жаракат алган оюнчусу Торрес талаадан кетти. Ордуна Техада чыкты.

1:18. Оң капталдан чыгарылган топту тунистиктер аз жерден дарбазага багыттай албай калды.

1:20. Ал ортодо Панаманын контр-чабуулу дарбазага таамай сокку узатуу менен аяктады. Таамай болгону менен жай узатылган сокку эле.

1:22. Мына сага дарбазачы! Тунистин дарбазачысы бир эмес, эки жолу катары менен супер сактап калуу жасады. Браво, Матлути Аймен!

1:23. ГОЛ! Жан үрөгөн аракети менен Тунис алдыга чыга алды. Кылганың катуу болсо, тапканың таттуу болот! Хазри голдун автору.

1:26. Мына эми гана Панама активдешип баштады. Албетте, аларда башка айла жок.

1:28. Бадри сары айып кагазына ээ болду.

1:30. Панамалыктар оюн эсебин теңегени менен эреже бузууга жол беришкен. Жыйынтыгында голунан айрылышты.

1:32. Панамалыктардын аткарган айып соккусун чабуулчу токтото алган жок.

1:33. Тунистин курамында алмашуу орун алды. Слити өз ордун Халилге бошотуп берди.

1:37. Туниске каршы эреже бузуу катталды. Эми алар мындай учурду максималдуу түрдө өз пайдасына пайдаланат.

1:40. Тунис топко ээлик кылуу менен оюн ыргагын жайлатууга аракет кылууда.

1:43. Эң мыкты коргонуу - бул чабуул жасоо.Тунистиктер позициялык чабуул менен кооптуу абал жарата алышты. Панаманы Кудай сактады.

1:44. Панама чабуулга чыгуу аракетинен кайта элек. Бирок кантип тунистик коргоочулардын эбин табуу керектигин билбей келишет.

1:45. Экинчи голдун автору Хазри талааны таштап, Срарфи оюнга чыкты.

1:48. Беттеш убактысы соңуна чыгып, 5 мүнөт кошумча убакыт берилди. Дал ушунча убакытты Панама эсепти теңеп, андан соң алдыга чыгуу үчүн же 3-голду өз дарбазасына өткөрүп алуу үчүн пайдаланат.

1:52. Стандарттык абал. Панама акыркы мүмкүнчүлүк. Таамай багытталган сокку эле, бирок дарбазачы өз командасын сактай алды.

1:53. Калыстын ышкырыгы оюн бүткөнүнөн кабар берди. Тунис эң биринчи жеңишине жетишсе, Панама бир да упайга ээ боло алган жок.

Панама-Тунис
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2018-06-29 00:36:03
1:0
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан