29-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын беттештери уланат. Анда "Калининград" стадионунда "G" тайпасынын алкагында Англия-Бельгия курамаларынын беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Дамир Скомина (Словения) болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 00:00дө старт алат.
23:45. Англия курамасынын тизмеси:
23:48. Бельгия курамасынын тизмеси:
23:52. Командалар оюн талаасына чыгышты. Алгач Англиянын гимни жаңырат.
23:56. Бельгиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
23:58. Топту оюнга биринчи Англия курамасы кошот.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш башталды.
00:01. Англия курамасы алгачкы мүнөттөрдөн чабуулга чыгып, Вардинин айып аянтчага чыгарган тобун, Куртуа кайтарды.
00:03. Рэшфорд офсайд абалында болуп калып Англиянын чабуулу токтотулду. Топко бельгиялыктар ээ.
00:05. Юри Тилеманс алыскы аралыктан мыкты соккусу менен айырмаланды. Таамай узатылган соккуну Пикфорд кайтарганга жетишти.
00:07. Маркус Рэшфорд жалгыз айып аянтчага кирип келүү аракетин көрдү. Бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп топту токтотуп калды.
00:08. Англиянын дарбазасында абдан кооптуу абал орун алды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топту Фелайни Батшуайиге чыгарып берген. Батшуай сокку узатып , бирок ыңгайлуу тепкенге үлгүрбөй калды. Пикфорд топту тосуп калды.
00:09. Стоунз айып аянтчага чыгаруу аткарып, бирок таамай болбой калды. Топ коргоочуларга барды.
00:10. Рэшфорд алыстан сокку узатып коргоочуга тийип калды. Англия топту бурчтан чыгарат.
00:11. Кэйхилл атаандашынын айып аянтчасынан эреже бузуп, калыс англиялыктардын чабуулун токтотту.
00:12. Варди 11 метрлик чийинден сокку узатып таамай болгон жок. Жакшы мүмкүнчүлүктү өткөрүп жиберди.
00:13. Бельгиялыктар топко ээлик кылып, төмөнкү ылдамдык менен чабуулун аткарууда.
00:14. Англиялык коргоочу топту тартып алып, дароо Рэшфордго чыгарып берди. Рэшфорд топко жетпей калып, топту дарбазачы алып койду.
00:15. Дембелеге каршы оюн эрежеси бузулуп, калыстын ышкырыгы жаңырды. Эрежени Фил Жонс бузду.
00:16. Айып аянтчадагы Батшуайиге чыгарып берген топко алгач коргоочулар жетип, дароо контр-чабуулга чыкты. Бирок каршы чабуул ийгиликсиз болду.
00:17. Феллайни Рэшфордго каршы эреже бузду. Топ англиялыктарда.
00:18. Юри Тилеманс орой оюн көрсөткөнү үчүн сары айып кагазы менен белгиленди. Англия айып сокку аткарат.
00:19. Айып соккуну аткарды. Айып аянтчага чыгарылган топту борбордук коргоочулар талаадан сырткары чыгарып салышты. Англия топту бурчтан чыгарат.
00:20. Бурчтан чыгаруу ийгиликтүү болгон жок. Англия чабуулун уланткан, бирок Дэнни Роуз офсайдда болуп калды.
00:22. Пикфорддун дарбазадан чыгарган тобу каршылаштарына барып калды. Бельгиялыктар жай темп менен позициялык чабуулун баштоодо.
00:24. Англиянын топко көзөмөл боюнча көрсөткүчү 56 пайыз болсо, Бельгияныкы 44 пайыз.
00:25. Батшуайи оң канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Бирок соккуну коргоочу тосуп калды.
00:26. Феллайни бурчтан көтөрүлгөн топту кабыл алып дароо сокку узатты, бирок Пикфорд командасын сактап калды.
00:27. Торган Азар атаандашы менен топ талашып жатып, эреже бузду. Англия чабуулун улантат.
00:30. Трент Александр-Арнольд дарбазанын алыскы бурчуна сокку узатып, бир аз таамай болбой калды. Сокку таамай болсо, топко Куртуа жетпей калмак.
00:31. Дендонкер эреже бузуп сары айып кагазын алды. Англия кооптуу айып сокку аткарат.
00:32. Стандарттык абалды Трент Александр-Арнольд аткарды, бирок топ бельгиялык оюнчуларга тийип талаадан сыртка чыгып кетти.
00:33. Александр-Арнольддун бурчтан чыгарган тобун Лофтус-Чик дарбазага багыттап, бир аз таамай болбой калды.
00:34. Янузай алыскы аралыктан сокку узатты. Бирок коргоочулар топту тосуп калганга жетишти.
00:35. Контр-чабуулга англиялыктар чыгып, айып аянтчага көтөрүлгөн топко Варди жеткени менен ыңгайлуу сокку узатканга үлгүргөн жок.
00:36. Торган Азар алыстан сокку узатып, бирок топ таамай болгон жок. Топ дарбазадан жогору өттү.
00:37. Соккулар боюнча статистика: Англия 4, Бельгия 8.
00:38. Торган Азар айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Сокку таамай болбой, топ талаадан сыртка чыкты.
00:41. Трент Александр-Арнольд коргоочуларды алдап өтүү аракетин көргөн, бирок бельгиялыктар топту эреже бузбай тартып алды.
00:43. Топко ээлик кылуу боюнча көрсөткүч. Англия - 51 пайыз. Бельгия - 49 пайыз.
00:44. Таймдын акыркы бөлүгүндө Англия кооптуу абал жаратканга аракет жасады. Трент Александр-Арнольд Рэшфордго айып аянтчага көтөргөн, бирок коргоочу топту тосуп калды.
00:45. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
01:01. Калыс 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин Англия курамасында алмаштыруу орун алды. Жон Стоунздун ордуна Хари Магуайр оюнга кошулду.
01:03. Бельгия курамасы топту өзүнүн карамагына алып, акырындан атаандашынын айып аянтчасына жакындап баратат.
01:04. Рэшфорд айып аянтчадан топту кабыл алып, дарбазанын алыскы бурчуна сокку узаткан. Бирок ал таамай боло алган жок.
01:06. Го-о-о-л! Эсеп 0:1. Янузай айып аянтчага кирип келип, 2 коргоочуну алдап мыкты, таамай соккусу менен айырмаланды.
01:08. Бельгиялыктар оюн эрежесин бузуп, Англияга кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
01:09. Айып соккуну Трент Александр-Арнольд аткарып, анын соккусу футболчулардан түзүлгөн дубалга туш келди.
01:11. Аднан Янузай айып аянтчанын сыртынан сокку узатып коргоочуларга тийип калды. Бельгиялыктардын чабуулу уланууда.
01:13. Вермален Варди менен сүзүшүп, жаракат алып калды.
01:14. Учурда беттеш убактылуу токтоп калды. Вермален медициналык жардам алууда.
01:15. Беттеш Вермаленсиз уланды. Учурда Англия чабуулун жасоодо.
01:16. Куртуа командасын сактап калды. Лофтус-Чик айып аянтчага Вардиге чыгарып берүү жасаган, бирок Куртуа секирип топту тосуп алды.
01:17. Трент Александр-Арнольд айып аянтчадан топту кабыл алган, бирок калыс офсайд абалын байкап калган. Топ бельгиялыктарда.
01:20. Беттеш абдан жай өтүүдө, командалар ийгиликтүү чабуул жасоого шашпай жатат.
01:22. Рэшфорд мыкты мүмкүнчүлүктү коё берди. Ал Куртуа менен бетме-бет келип, сокку узаткан, Куртуа топтун багытын таап соккуну кайтара алды.
01:24. Рэшфорд айып аянтчага чыгарылган топко жетсе кайрадан Куртуа менен бетме-бет келмек. Бирок Куртуа дарбазасынан чыгып топту тосуп алганга жетишти.
01:26. Феллайниге каршы эреже бузулуп, бельгиялыктар кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.
01:27. Янузайдын айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна алгач коргоочулар жетип, топту алыска чыгарышты.
01:28. Англия топту көзөмөлдөп, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
01:29. Бельгия курамасында алмаштыруу орун алды. Венсан Компани оюн талаасында Вермаленди алмаштырат.
01:31. Дени Роузга каршы оюн эреже бузулуп, Англия айып сокку аткарат.
01:32. Трент Александр-Арнольддун чыгаруусун Куртуа тосуп алганга жетишти. Бельгиялыктар эсепти жогорулатууга аракет кылат.
01:33. Аднан Янузай айып аянтчага топту жеткизип берүү аракетин көргөн, бирок таамай болгон жок.
01:34. Англия курамасында алмаштыруу.Трент Александр-Арнольдду Дэнни Уэлбек алмаштырды.
01:35. Боята оюн эрежесин бузуп, каршылаштарына кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
01:36. Айып соккуну Рэшфорд аткарып, соккусу таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир аз жогору өттү.
01:38. Дэнни Роуз сол канаттан топту кабыл алып, айып аянтчага кирип баруу аракетин көргөн, бирок коргоочу топту талаадан сыртка чыгарып салууга жетишти.
01:39. Дэнни Уэлбек алыскы аралыктан сокку узаткан, бирок топ өнөктөшүнө тийип бельгиялыктар топту чыгарып салышты.
01:41. Бельгия курамасында алмаштыруу. Янузайдын ордуна оюн талаасына Дрис Мертенс чыкты.
01:43. Калыс Дэнни Роузга каршы эреже бузууну каттап, англиялыктар топту дароо оюнга кошту. Роуз айып аянтчадагы Уэлбекке топту чыгарып берип, Уэлбектин соккусу таамай болбой калды.
01:45. Дрис Мертенс айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатып, таамай болгон. Бирок Пикфорд топту кайтарганга үлгүрдү.
01:46. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 3 мүнөт кошуп берди.
01:47. Феллайни жакшы мүмкүнчүлүктүн ээси болду, айып аянтчадан топту кабыл алып, кубаттуу сокку узаткан. Бирок сокку таамай болгон жок.
01:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Бельгия 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.
01:50. Бул жеңиш менен Бельгия курамасы плей-офф баскычына 9 упай менен 1-орундан чыгып, анда Япония курамасы менен кез келсе, Англия курамасы 2-орундан чыгып Колумбия менен беттешет.