Абактагы жарандык активист Мелис Аспековго кол салуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына санаалашы Адил Турдукулов билдирди.
Турдукуловдун айтымында, 28-июнь күнү кечинде абактагы адамдар тарабынан Аспековго кол салуу болгон.
"Мелис Аспеков бул окуя боюнча тийиштүү жерлерге арыз жазганы жатат", - деди Турдукулов.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын октябрь айында президенттик шайлоого бир апта калганда жарандык активист Мелис Аспеков "талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, баш аламандык уюштурууну сүйлөштү" деп кармалып, камакка алынган.
Быйыл 8-июнда Бишкек шаардык соту Аспековду 1 жыл 7 айга камоо өкүмүн чыгарган.