Жалал-Абадда сулуулук сынагында жеңүүчү аталган 17 жаштагы кызды коркутуп, акча талап кылганга шектүү кыздар кармалды

Жалал-Абадда сулуулук сынагынын жеңүүчүсүнөн белгисиз кыздар опузалап акча талап кылган. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, Сузак районунун М.Г. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында: "Ушул жылдын 17-июнь күнү Тазагүл аттуу кыз дагы 2 шериги менен 17 жаштагы сиңдимди уруп, зомбулук көрсөтүшкөн. Мындан тышкары алар эч себепсиз сиңдим Жасминадан 6 миң сом талап кылышкан. Тазагүл сулуулук салонунда иштейт, бул кыздарга тиешелүү чара көрүлүүсүн суранам", - деп жазган.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу кыз буга чейин сулуулук сынагына катышып жеңүүчү аталгандыгы аныкталып, кылмыш иши ошого байланыштуу жасалышы мүмкүн деген маалыматтардын негизинде ишти иликтөөнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү жүргүздү.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Тазагүл аттуу кыздын аты-жөнү такталып, ал буга чейин да бейбаштык кылмыш аракети менен сот жообуна тартылгандыгы аныкталды. 26-июнь күнү жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү 5 миң сом акча алып жаткан учурда күбөлөрдүн катышуусунда УКККБ тарабынан кармалды. Учурда анын калган шериктери боюнча да ыкчам тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-06-29 09:06:07
Кыздар эле жетишпей турган озу
+7
abon
2018-06-29 12:20:19
Кыздар ХХХХХХ эле журбойбу? эмне бар эркеке окшоп характерде журууну???
0
senchi
2018-06-29 12:30:32
Суротун жуктоп койгула 5 мин сомдук кызды
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан