Белгисиз адамдар уурдап кетти деген бала каналдагы сууга агып кетип каза болду

Ош шаарында агасы менен ойногону кетип, каналдагы сууга агып кеткен 7 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда саат 13:00дөрдө катталган.

"Каналга агып кеткен бала 9 жаштагы агасы менен ойноо үчүн үйүнөн чыгып кеткен. Алар канал жээктеп ойноп жатып 7 жаштагы бала сууга агып кеткен. Агасы ата-энесине инисин белгисиз сакалчан адамдар унаага салып кеткен деп калп айткан. Бизге ыкчам маалымат келери менен тинтүү иштерин баштаганбыз. Арадан 3-4 саат өткөндөн кийин баланын каналдагы сууга агып кеткени маалым болгон. Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 29-июнда эртең мененки саат 8:40 чамасында баланын денеси Кара-Суу районунун Шарк айылындагы чоң каналдын бөлүнгөн жеринен табылган", - деп билдирди маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, балдардын ата-энеси аларга "сууга түшпөгүлө, каналдын жээгине ойнобогула" деп эскертүү берген. Бирок кырсык болгондон кийин агасы ата-энем урушат деп инисинин сууга агып кеткенин жашырып, аны белгисиз адамдар алып кетти деп калп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulnur.narmatova
2018-06-29 11:29:28
Аллахым озун сактай кор акыркы убакта эмне эле болуп жатат
+4
aida007
2018-06-29 11:34:10
Кудай сактасын байкуш бала(((
+4
Arhideia
2018-06-29 15:49:03
Агасын эми баары жаман корот омур бою
+1
Unutbay
2018-06-29 19:44:34
Arhideia,чын айтканда деле ажал келсе бир нерсе кылыш кыйын. Кырсык каш-кабактын арасында! Бала да коркконунан ошентсе керек, аны куноологон да туура эмес! Баарыбыз Аллах таалага кайтуучубуз! Ата-энесине сабыр тилейбиз!
0
aisu12345
2018-06-29 17:43:26
Кызык а при чём сакалчан
-1
boris8907
2018-06-29 18:12:05
Туура эмес тарбиялаган баланы. Сууга тушпогуло тушсонор олтуром тата пата десе керек да ата энеси. Андан коро туура тушундуруп айтыш керек эле. Ребенок не должен боятся родителей
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан