Бишкекте "ColorFestKG" боёк фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, боёк фестивалы 30-июнь күнү саат 12:00дө Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил багында өтөт. Иш-чара ар кандай шоу-программа жана кызыктуу оюндар менен коштолот. Жеңүүчүлөр жана катышуучулар баалуу белектер менен сыйланат.
"Иш-чаранын негизги максаты - эс алууда жүргөн шаар тургундарына жакшы маанай тартуулап, аларды достукка, биримдикке чакыруу болуп эсептелет", - дейт уюштуруучулар.
Фестивалга кирүү акысыз.