Ошто турак үйдүн чатырынан өрт чыккан. Натыйжада ага жанаша жайгашкан "Ансар" кафесинин чатыры дагы күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 29-июнь күнү таңкы саат 4:06 чамасында катталган.
"Ош шаарындагы Достук кичи районунун 44-көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, анын жанындагы “Ансар” кафесинин чатыры дагы күйгөн. Өрттү өчүрүү үчүн жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, таңкы саат 4:57де чектөөгө алынган. Ал эми саат 6:51де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен чатырдын жалпы 550 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок", - дейт маалымат кызматы.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.