Милиция кызматкеринин пара алуусуна ортомчулук кылган жактоочу 270 миң сом менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкери каралып жаткан ишти оң багытка чечип берүү үчүн жактоочу менен 4 миң доллар алууга келишим түзгөн.
“Ушул жылдын 25-июнь күнү К.А аттуу жактоочу милиция кызматкерине 270 миң сом берип жаткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2 бөлүмү менен (пара алуудагы ортомчулук) кылмыш ишин козгоду. Бишкек шаардык соту кармалган жаранды тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды”,- деп жазылат маалыматта.
Ал эми ИИМдин маалымат кызматы пара алууга шектелген милиция кызматкери Биринчи Май РИИБинин кызматкери экенин айтып, толук маалымат иликтенип бүткөн соң берилерин билдиришти.