Ошто 75 жаштагы улгайган аялды таянып жүргөн таягы менен сабаганга шектелип анын уулу кармалды

Ошто 75 жаштагы апасын сабаган деп шектелип анын уулу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү Ош шаарынын Абжалов көчөсүндөгү жашоочулардан маалымат келип түшкөн. Анда аталган көчөнүн тургуну өзүнүн карыган энесин ыйлатып, уруп жаткандыгы айтылган.

"Окуя болгон жерге барган Ош ШИИБинин оперативдүү тергөө тобу аталган көчөдө жашаган 41 жаштагы С.Э.ни кармашкан. Ал өзүнүн 75 жаштагы энесин мас абалда ур-токмокко алгандыгы маалым болду. Апасынын көрсөтмөсүндө баласы анын таянып жүргөн таягын колунан тартып алып сабаган. Жыгылып калган учурда, таяк менен муунтуп, "акча таап бересиң, болбосо өлтүрөм" деп коркуткан. Жабыркаган эне Ош облустук ооруканага жеткирилген. Энесин урган жаран мурда өзгөчө оор кылмышы үчүн (адам өлтүрүү) жаза мөөнөтүн өтөп келген. Кечээ күнү Ош шаардык соту кармалган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны бир айга абакта кармоо чечимин чыгарды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучу энеге берилген соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан соң кылмыш беренеси өзгөрүшү мүмкүн", - деди маалымат катчы.

Ошто өз энесин сабады делип, 41 жаштагы жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nanei
2018-06-29 12:57:25
Мына биздин эркектердин жузу,Европага сын тагып коебуз оозубузду чоюп. Кыйын экен билеги кучтуу жаш бАлдарга чфксынчы мушташка.
+2
Kattaldym
2018-06-29 13:24:44
Nanei, Bizdin erkekter debesen, ar ulutta bar myndai aibandar. Kuioosun muuzdagan, kaiynenesinin bawyn kesip algan ayaldar ayaldarybyzdyn juzu bolup kalaby anda?
+4
aerforce
2018-06-29 13:09:03
ХХХХХ ХХХХХ мындайлар адам эмес өз энесин урган мурунда бир адамдын өмүрүн алса тфу тфу кудай сактасын мындайдан
+9
Aikaaaa
2018-06-29 13:28:15
Ушу баласы төрөлгөндө ата-эне сүйүнгөндүр,эркек бала деп
+10
Kattaldym
2018-06-29 13:36:11
Bashka uluttun erkekterinin poklonnitsalaryna kudai berip saldy, myna bizdin erkekter dep...
0
Pandora
2018-06-29 13:47:53
Неге алсыз эркеектер кобойуп бара жатат?
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-29 19:07:25
Pandora,эркектер эмес эки бутту айбандар алардын эркеги да уургачысы да бар экен угуп эле жатабыз
+1
Kattaldym
2018-06-29 13:49:21
Birin4i kylmyshynda ele atuuga ketse ene sabalbait ele. Eni beibawtyk menen kesilet, kayra chygat tez ele, kayra bir kylmysh jasap biroonun ubalyna kalat...
+1
asman.81
2018-06-29 13:55:12
ХХХХХХХ Озунон алсыздарга кол которуп уйрогон да.Кочого чыгып эркекке кыйын болсун,ХХХХХХХ ХХХХХХХХ ХХХХХ
+1
bond02
2018-06-29 14:37:37
Озун акча тапсан ичпейсинби, энендин сутун эмгенин деле жетээр эле.
+4
Nevestkaa
2018-06-29 22:43:27
Түрү суук.Кудайым сендей баладан сактасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан