Бүгүн ырчы Ильяз Андаш 30 жашка толуп, туулган күнүн белгилөөдө. Ырчыны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн кандай белгилээри тууралуу буларды билдирди: "30-июнга караган түнү саат жебеси 12ни какканда алгачкылардан болуп жубайым туулган күнүм менен куттуктады. Андан кийин сахналаш досум Курал Чокоев куттуктап жакшы тилектерин билдирди. Азыр да жакын санаалаштарым улам бири чалып куттуктап жатышат. Бүгүн кечинде адаттагыдай эле тойлорго барып кечки саат 11ге чейин кызматта болом. Андан кийин досторум менен биргеликте бир жерге отуруп футбол көрүү менен бирге туулган күнүмдү белгилейбиз".
SUPER.KG порталынын Түз эфирине жана "Супер-Инфого" берген маегинен үзүндүлөр:
Ильяз Андаш 2013-жылдын август айында Сүйүү аттуу бийкеч менен баш кошуп, Каракол шаарында чоң той өткөрүп, элден бата алган. Учурда жубайлардын ортосунда Элина аттуу кызы бар. Ырчы "Супер-Инфого" берген маегинде: "Кызым Элина мага окшош, бирок апасына жакын. Анткени эртеден кечке апасы менен отурат, экөө урушушат, кайра табышышат, ойношот дегендей. Келинчегим өзүнүн туулган күнүндө, 5-январда төрөгөн. Эң негизгиси үй-бүлөмдө баары тынч, ден соолуктары бекем, эч нерседен кем эмес. Мен үчүн ушул гана керек. "Үй-бүлөң менен ар кандай көрнөк-жарнактарга тартылбайсыңбы?" деген сунуштар көп түшөт. Бирок аларды эл көзүнө көп чыгаргым келбейт. Анткени кээ бирөө жакшы, кээ бирөө жаман сүйлөйт дегендей", - деп айткан.
Белгилей кетсек, ырчы 1988-жылы 30-июнда Каракол шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүн аяктаган. Ал "Кечикпе", "Жаңылуу", "Кыргыз жери", "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган.