Бүгүн, 29-июнда саат 9:00 чамасында Бишкектин Жибек Жолу-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү жеңил унаа жана трактордун катышуусундагы жол кырсыгы катталган.
Күбөлөрдүн айтымында, Hondaнын айдоочусу оң жактан чыга калган унаадан качам деп сол жакка чукул буруп жиберген. Жыйынтыгында алдыда бара жаткан тракторду сүзүп, оодарылып кеткен.
Бул фактыны Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалымат кызматы тастыктап, кырсык болгон жерге инспекторлор жөнөп кеткенин кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, жабыркагандар жок.