Ырчы Алмаз Шаадаев: "Жергиликтүү телеканалдын кабарчысы мен аркылуу өзүн пиар кылып жатат деп түшүндүм"

Социалдык тармакта ырчы Алмаз Шаадаев жергиликтүү телеканалдардын бирине эфирге барбай койгону тууралуу даярдалган видео кызуу талкуу жаратууда. Видеодо ырчы телеканалдын түз эфирлерине бир нече ирет конок катары чакырылганы айтылат. Бирок Алмаз Шаадаевдин алардын эфирине барбай, алтургай "бара албайм" деп эскертүү дагы берген эмес. "Бул кылганы туура эмес" деген кабар даярдалган. Ошондой эле видеодо ырчы телеканалдын кабарчысына жаман сөздөрдү айткан аудиосу да жарыяланган. Бул тууралуу ырчыга байланышка чыкканыбызда, ал буларга токтолду.

"Мени каралап жаткан телеканалга теңелип, алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Бирок үн катпай койсом күнөө Алмаз Шаадаевде деп ойлоп калышат. Андыктан чырдын башы эмнеден башталганын айтууну туура көрдүм. Ошол телеканалдын кабарчысы мага чалып "эфирге келип бербейсизби, таңкы көнүгүүгө?" деп калды. Мен эртең мененкисин уктайм бара албайм, кечки болсо бармакмын десем "Алдын ала даярдайбыз, түз эфирге эмес" деди. Андай болсо анда байланышабыз деп так жообун берген эмесмин. Эртеси күнү мага чалган экен. Мен ал күнү маанилүү ишим менен жүрүп байланыша алган жокмун. Кечинде кабарчы дагы чалып "Сиз биздин "кара тизмеге" кирдиңиз. Мындан ары сиз менен иштешпейбиз. Мен эфирге чакырсам келбей койдуңуз" деди. Мен дагы ачуум келип "Жалгыз силер эмессиңер. Иштешпесе иштешпейбиз" деп койдум. Эртеси күнү кечки эфирге Данияр Эрматов менен мени чакырып калышты. Анан дароо эле кабарчынын өзү кылганын түшүнүп: "Мени "кара тизмеге кирдиң" деп жатпадың беле кечки эфирди көр, анан сүйлөшөбүз дедим. Ошондон кийин эле бизге каналдын кызматкерлери чалып, эфир болбой турганын билдирди".

Ырчы буга чейин ал канал менен тыгыз иштешип жүргөнүн белгиледи. Ал эми ырчыны каралап жаткан кабарчы өзүн пиар кылып жаткандыгын кошумчалады.

"Таңкы эфирге бара албайм дегеним үчүн бүтүндөй телеканалдын атынан жооп бергени кабарчынын сабатсыздыгын, кыска ойлуулугун түшүндүрөт. Буга чейин ал каналдын тажрыйбалуу, өз ишин билген кызматкерлери менен иштешип келгем. Бирок башкалар үчүн дагы бирөөнүн жооп бергени туура эмес. Мындай каралоо менен ал өзүн пиарлап жатат".

Ал эми "керек болсо ырчыларды силердин каналга баргыс кылып коём" деген сөзүнө таянып, шоу-бизнестин өкүлдөрүнөн комментарий алып жаткандыгы тууралуу ал мындай деди.

"Кабарчы мени "кара тизмеге" киргизип койдум дегенде жанымда Данияр Эрматов дагы бар болчу. Ошондо ачууланып керек болсо досторумду сенин таңкы эфириңе баргыс кылууга кудуретим жетет дегем. Даниярдын бетине эле айткам барбай эле кой, булар ушундай мамиле кылат турбайбы деп. Бул сөздү бурмалап алып "Алмаз Шаадаев ырчыларды баргыспай коём деди" деп бузук телефон болуп жатышат. Минтип мени каралайбыз деп ойлобой эле койсун", - деп кошумчалады.

"Кабарчы менин укугума шек келтирген видео жасаптыр. Мен маданияттын "м" тамгасын билбесем, министрлик мага төш белги таккыдай келесоо эмес да. Ал эми ырларымды жеңил деп баалаптыр. Ошондо Гүлжигит Сатыбековдун, Асылбек Өзүбековдун ырлары, менин "Жаркырасын Кыргызстан" деген дастаным жеңил-желпи болуп калабы? Кабарчы мени каралоо менен эч нерсе таппайт. Андан көрө көзгө көрүнүктүү, алкый турган иш жасасын", - дейт ал.

Алмаз Шаадаев: "Кабарчы кыз мен аркылуу өзүн пиар кылып жатат деп түшүндүм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
maks94.kb
2018-06-29 16:14:47
Кызга тенелген сенин денгеелин белгилуу эле экен да жигит
Озунду антип жылдыз сезбей эле койсон болот анткени
Эл оозуна алынган кайсыл ырын бар
Ал Эми сен айтып жаткан инсандар ырлары элге синген ырлар анан антип озунду Озбеков м.н Сатыбековко тенебей эле кой
+5
RusMos76
2018-06-29 16:20:27
А.Озубековдун Г.Сатыбековдун ырларын аткарып маданияттын "М" белгисин алганбы, ким озу бул ырчы, министирлик да болбой калды го озу "М"; "А" белгилерин тарката берип ушундай балдарга оздорунун оброюн кетирип!!!
+4
kanu
2018-06-30 00:06:54
RusMos76,сен анда жанылыктан маданияттан артта калыпсын башка мамлекетте коп жылдан бери жургон жердештерибиз эле тааныбай калбаса Кыргызстан ичиндеги бары тааныйт.
-1
Nanei
2018-06-29 16:29:02
Кооп калыптыр бир соз менен айтканда. Баягы 3мин сом карызын бербей качып жургондо эле билгем начар Адам экенин
+6
kanu
2018-06-30 00:07:20
Nanei,сенденби??????????????7
-3
Nanei
2018-06-29 16:34:37
Ушундай немелер да ырчы болуп журушот
+5
senchi
2018-06-29 16:35:41
Сатыбеков менен Озубековтун даражасына жетпейсин жана жеталбайсында. Озунду Алла Пугачевадай сезет окшойсун.
+2
Nanei
2018-06-29 16:46:40
Эми "мен аркылуу журналист озун пиар кылып атат"дегенин окуп кулосунго,Ким болуп калыптыр бул ырчы ошончолук
+5
Gena1
2018-06-29 16:48:00
Аа байкуш, "корбогондун коргону курусун" - деп ушуну айтат да. Озун Женифер Лопес сезип алган го. Ушу коп ушак эрчийт экен аркасынан деп койдум. Чубак ажыны мыскылдагансып тартылган видеосу ажыкыс дегенден башка эч нерсе дей албайсын. Аман болгула эмнеси болсо да.
+5
erkinali858585
2018-06-29 16:48:14
Г.Сатыбеков болуш кыйынго. Ото коп меенет керек
+5
Nanei
2018-06-29 16:50:58
Министрликтин тош белгисин бетине койбой эле койсо. Кимге кана берилген жок ошол белгилер,наамдар
+3
Dembele84
2018-06-29 17:01:43
Бир ыр чыгарып алып звезда болуп кеткен го,жон эле тирилик кылса ушул ажылдашпай
+5
Kunbeken
2018-06-29 17:22:52
)))
-2
nusu
2018-06-29 18:04:15
Биздин Кыргыздарды бирөөнүн артын чукутуп эле койсо. Эгер чукушмай жактан жарыш болсо,биз биринчи оорунду ээлесек керек! Анткени биз бирибизди бирибиз чукулап, сындап турбасак ооруп калабыз!Интернеттен отуруп алып бул ким өзү? Мен тааныбайм дегендердин бетине түкүрдүм!!! Каратып туруп калп атасыңар!Бир ыр болсо да жаздырып ырдап аздыр,көптүр маданиятка салым коюшуптур. А биз эмне кылып жаарытып атабыз деген суроону берип көрүп өзүңөргө,анан сындагыла.колуңардан клавиша баскандан башка эч нерсе к
-3
nusu
2018-06-29 18:06:17
nusu,келбейт
-4
kanu
2018-06-30 00:00:08
nusu,туптуура,
-2
didu
2018-06-29 21:28:23
ушул бей таараттар тойгозушту.дагы жакшы окоо уйлонушуп кутулдук
+2
adiaza
2018-06-29 22:38:48
Балакай жылдыз оорусу менен ооруп аткан экен. Чынын айтсам тааныбайт экем кайсы ырды ырдайт
+2
Snejana
2018-06-29 23:14:58
Аа байкуш. Озундун денгээлинди деле кордук го. Аудиозапистеги согунгон создорунду укпай калышты деп ойлобо. Кыскасы начар эле бала экенсин. Мелочь эркектерден кудай сактасын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан