Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко арыз берди. Бул тууралуу Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, аталган арыз боюнча сот отуруму 3-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болуп өтөт.
"Сапар Исаковдун ишин тергеп жаткан УКМКнын тергөөчүсүнө карата жазган арызым боюнча сот отуруму 3-июль саат 9:00гө белгиленди. Мен тергөөчү аталган иш боюнча материалдардын көчүрмөсүн бербей койгондугу үчүн арыздангам. Бул кадам Кылмыш-жаза кодексине каршы келет. Бул УКМКнын тергөөчүнүн статусунун маанисин билбейт дегенди түшүндүрөт.
Баарыңыздарды сот отурумуна чакырам. Бийлик алмашууда, бирок, тилекке каршы, эзүүчүлөр калып кетүүдө. Эгер сот отурумунун жабык өтө тургандыгы жарыяланса, анда бул саясий куугунтуктун бир белгиси болот", - дейт Токтакунов.