Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 25 жаштагы келинди зордуктаган деп шектелүүдө

Ош шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде эки жарандын жаагын сындыра уруп, бирөөсүнө жеңил жаракат келтирген шектүүлөр 25 жаштагы аялды зордукташкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөр үй камагына чыгарылган. Бирок бизге 25 жаштагы А.Б. аттуу келинден аларга карата арыз түштү. Арызда аны эркине каршы зордукташканы жазылган. 29-июндан 30-июнга караган түнү Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен
айыптары угузулуп, тергөө жүрүп жатканда бул жарандар кайрадан кармалышты. Ош ШИИБинин тергөө тобу шектүүлөрдүн үстүнөн 129-берене (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгоп, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизди.

"Кылмышка шектүүлөр: Ош шаарынын тургундары 25 жаштагы Ж.Б. жана 24 жаштагы А.Б. Бул жарандар уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары атайын тизмеде турат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tttalant
2018-06-30 10:39:30
Сот акыйкаттык керек эми
+11
Nuri1988Elim2010
2018-06-30 11:03:50
Эмне эле болуп баратат.Адамдар женил ойболуп баратат
+8
Alinur96kg
2018-06-30 12:38:18
48 сааттан кийин кайра уй камагына чыгарып койушат соттор.
+8
bond02
2018-06-30 13:38:39
Эми алар чыгышат баары жалган деп.
+4
shnaider
2018-06-30 13:46:51
А.Б тосмо арыз жазып берет акчаларын алып.
+10
monster_high_98
2018-06-30 18:24:47
Кооп калган кези экен да,
+5
nura.177
2018-06-30 22:59:35
Бизде закондон да тосмо арыз кучтуулук кылчуу эле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан