Бүгүн плей-оффко чыккан командалардын алгачкы беттеши башталат. Анда Аргентина менен Франция командалары беттешет

Бүгүн, 30-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын алгачкы беттеши башталат.

Анда “С” тайпасынан суурулуп чыккан Франция командасы менен “D” тайпасынан чыккан Аргентина курама командаларынын беттеши өтөт.

Оюн Казань шаарында жайгашкан “Казань Арена” стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.

Айта кетсек, Аргентина улуттук курамасы хорватиялыктарга 0:3 эсебинде утулуп, Дүйнө чемпиондугунан четтеп калуу коркунучу жаралган. Бирок нигериялыктар Исландия курамасын 2:0 эсебинде утуп, аргентиналыктар менен беттешкен. Жыйынтыгында Аргентина Нигерия командасын 2:1 эсебинде утуп, плей-оффко жолдомо алган.

Ал эми Франция курамасы 26-июнда Дания менен беттешип, бирок алардын оюну 0:0 эсеби менен аяктап, эки команда тең бирден упайга ээ болгон. Жыйынтыгында “С” тайпасынан 7 упайга ээ болгон Франция жана 5 упайы бар Дания 1/8 финалына өтүшкөн.

Аргентина менен Франция командаларынын беттеши бүтүп, саналуу саат өткөн соң “А” тайпасынан чыккан Уругвай командасы менен “В” тайпасынан чыккан Португалия командаларынын беттеши башталат.

Бул командалардын оюну 1-июлда Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:00дө старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ilgizk
2018-06-30 14:05:19
Аргентинага ийгилик 2:1 франция божомол.
+3
Azat.97
2018-06-30 14:25:29
Франция тебелеп салат го дейм Мессини баш кылып
+4
bek-94
2018-06-30 15:05:21
Португалия
+3
Edward.14
2018-06-30 15:57:10
Аргентина
+1
talas0707
2018-06-30 16:02:10
Франция бельгия ийгилик
0
Modric10
2018-06-30 16:44:01
Франция менен Португалияны колдойм бугун
+2
Isco22
2018-06-30 16:52:25
Плей оффтун сеткасын чыгарып койгулачы сураныч
-2
Syimyk.isaev
2018-06-30 17:22:37
Франция алгаа
-1
monster_high_98
2018-06-30 18:12:11
Франция женет!!
0
FCB14
2018-06-30 18:39:27
Аргентина ийгилик!
Гризман, Мбаппе,Жируну кошуп жыртчы Месси.
+2
kilim
2018-06-30 18:56:53
Мессиден гол кутом
-1
Meni_unut
2018-06-30 19:36:26
Месси уйуно кетет бугун
+1
Modric10
2018-06-30 21:43:42
Аргентина болгон кучу менен ойноду .баарыбир Франция кучтуу экенин коргозду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан