Эртең, 1-июлда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде #Art140bishkek сүрөт көргөзмөсү жана фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Бишкек шаардык мэриясы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлмөкчү.
"Фестивалдын максаты – айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үндөө, шаардын тарыхын чагылдыруу, курчап турган чөйрө менен жаштардын ортосунда сүрөт аркылуу диалог өткөрүү болуп саналат. Сүрөт көргөзмөгө жалпысынан 140 эмгек коюлат. Анын 70и живопись болсо, 70и тарыхый-маданий имараттардын сүрөттөрү, айлана-чөйрөнүн, шаар тургундарынын жана балдардын сүрөттөрү болмокчу. Мыкты эмгектер кайрымдуулук иш-чараларына да коюлат”, - деп жазылат маалыматта.
Аталган иш чара 1-июль күнү саат 15:00дө башталат. Кирүү акысыз.