Бүгүн, 1-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын оюну уланат.
Анда “А” тайпасынан чыккан, үй ээлери аталган Орусия командасы менен “В” тайпасынан чыккан Испания командалары чейрек финал үчүн жолдомону талашат.
Оюн Москвада жайгашкан “Лужники” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.
Айта кетсек, 25-июнь күнү “А” тайпасынын алдыңкылары Орусия менен Уругвай беттешкен. Анда уругвайлыктар Луис Суарес, Единсон Кавани бирден топ киргизип, бир топту орусиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алган. Оюн 3:0 эсебинде уругвайлыктардын пайдасына аяктаган.
Жыйынтыгында Уругвай 9, Орусия 6 упай менен плей-оффко аттанышкан.
Ошондой эле бүгүн түнкү саат 12:00дө “D” тайпасынан чыкан Хорватия жана “С” тайпасынан чыккан Дания командалары ойношот. Уткан команда чейрек финалга өтсө, утулганы чемпионат менен кош айтышат.
Эске салсак, плей-оффко чыккан командалардын беттеши 30-июнда башталып, Франция жана Уругвай командалары чейрек финалга жолдомо алышты, ал эми Аргентина жана Португалия чемпионаттан четтетилди.