Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жаш келин бир жаштагы кызы менен каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 1-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Кемин районунда катталган.
"Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун, тактап айтканда, Кемин районунда Toyota Avensis унаасы менен келе жаткан 60 жаштагы А.А. аттуу айдоочу жолдун каршы тилекесине чыгып кетип, Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери айдап келе жаткан BMW-525 унаасын сүзгөн. Машинанын ичинде аталган кызматтын дагы бир автоинспектору болгон. Кырсыктан Toyota Avensis унаасында кетип бара жаткан 21 жаштагы келин менен бир жашар кызы каза тапкан. Алардан сырткары, айдоочу жана дагы эки жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген".
"BMW-525 унаасынын айдоочусу жана анын жанындагы автоинспектор Боом капчыгайында иштеп, кайтып келе жаткан. Рулду башкарып бара жаткан кызматкер оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшүп, жанындагысы жаракат алган. Ал эми Toyota Avensis унаасынын айдоочусу үйлөнүү тойдон келе жатып, уктап кеткен. Бул жол кырсыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп билдирди аталган башкармалык.