Чүй облусунун Токмок шаарына жетпей айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 43 жаштагы аял жана анын күйөөсү каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жол кырсыгы бүгүн, 1-июлда саат 11:00 чамасында катталган.
"Mazda6 унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчү каза тапкан. Унаадагы 4 жашар бала ар кандай жаракаттарды алып, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Ал эми маркумдар Чүй облусунун тургундары болушкан. Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.