"Алмалы Тунгышбаевди үй камагына алуу чечимин чыгарып, тергөөчү тиешелүү документтерди даярдай баштаган. Бирок прокуратуранын нааразылыгынан кийин ишти шаардык сот карап, Тунгышбаевди эки айга камоо чечими чыгарылды", - деди Жуаспаева.
Анын айтымында, Муратбек Тунгышбаев учурда Алматыдагы Си-18 тергөө абагында камакта. Адвокат активист менен дүйшөмбү күнү жолугууну пландап жатат.
Айта кетсек, Ушул жылдын май айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Кыргыз бийлигинен активистти экстрадициялоону суранган. Казак бийлиги аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт. Муратбек Тунгышбаев Астананын өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. 25-июнь күнү Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин колдогон.
Буга байланыштуу "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму Кыргыз тарап мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди эске албай жатканын жарыялаган.