Бүгүн, 2-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын оюну уланат.
Анда чейрек финалга чыгуу укугу үчүн Түндүк Америка менен Түштүк Америка жана Европа менен Азиянын беттеши орун алат. Башкача айтканда, Е тайпасынан чыккан дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Бразилия менен F тайпасынан чыккан "үч түстүүлөр" атка конгон Мексика командасы беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталып, Казань шаарындагы "Казань Арена" стадионунда өтөт.
Ошондой эле 3-июлга караган түнү саат 12:00дө G тайпасынын жеңүүчүсү чемпиондуктун эң жылдыздуу курамы аталган Бельгия курама командасы менен H тайпасынан чыккан плей-оффто Азия континентинин намысын коргоочу жападан жалгыз курама команда - Япония бет келишет. Уткан команда чейрек финалга өтсө, утулганы чемпионат менен кош айтышат.
Эске салсак, буга чейин чейрек финалга Орусия-Хорватия жана Франция-Уругвай командалары чыгышкан.