Жалал-Абадда унаасын айдап үйдөн чыгып кеткен эки жарандын биринин жансыз денеси суудан табылды

Жалал-Абад облусунда унаасы менен чыгып кеткен эки жарандын биринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургундары 23 жаштагы Э.Т. жана 1997-жылы туулган М.Т. Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес. 25-июнь күнү Ак-Таш айылындагы Чаткал дарыясынын жээгинен жогорудагы жарандардын документтери жана өздүк буюмдары табылган. 1-июль күнү издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00дө 21 жаштагы М.Т. аттуу жарандын жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми экинчи жаранды издөө иштери бүгүн, 2-июль күнү улантылат.

Издөө иштерине ӨКМнын 17 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 19 адам тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-07-02 10:49:51
Экспертиза эмне дейт, же оздорун кыйнап отурбай эле озулору бирнерсе болуп кеткен дейби
+3
RusMos76
2018-07-02 11:19:58
Айгыр жал
-2
boris8907
2018-07-02 11:47:40
Сууга чогуп олду же олтуруп сууга агызып салышты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан