Талас-Тараз унаа жолунда орун алган жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, окуя бүгүн, 2-июлда болгон.
"Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бейшеке айылында Ауди жана Хонда Степ үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Натыйжада Ауди үлгүсүндөгү унаадан 1955-жылы туулган К.К. жана 1959-жылы туулган А.М. аттуу 2 жаран каза болгон. Ошондой эле 7 жашар бала оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген (аты жөнү такталууда). Ал эми Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (аты жөнү такталууда) оор жаракат алган. Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берип, каза болгон адамдарды райондук өлүк сактоочу жайга жеткиришкен", - деп жазылат маалыматта.