Таласта конокко келген 33 жаштагы жаран окуучу кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Таласта 15 жаштагы орус улутундагы окуучу кызды 33 жаштагы жаран зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

30-июнь күнү Талас шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 9-классты аяктаган жээнин үйгө келген таанышы зордуктаганын айткан. Шектүү орус улутундагы адам болгон.

"Бул факты боюнча Талас ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам-тергөө тобу кылмышка шектүү катары 33 жаштагы С.К. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Орусиянын жараны. Ал убактылуу Талас районунун Көк-Ой айылында жашап жүргөн. Кылмышка шектүү окуя болгон күнү зордукталган кыздын үйүнө конокко келген. Зордукталган 15 жаштагы кыздын апасы каза болуп калган. Атасы да жок. Таенеси жана таежелери менен бирге жашайт. Бул кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси "зордуктоо" менен иш козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
islan_85
2018-07-03 09:33:37
шектуу да орус кыз да орус улутундагыларбы ошондо,же россия жаранын жараныбы?
0
monster_high_98
2018-07-03 10:02:27
Бир нерсе дейин десен окуяга вообще тушунгон жокмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан