Мохаммед Салах "Ливерпуль" менен болгон келишимин 2023-жылга чейин узартып, клубдагы эң жогорку айлык алган футболчуга айланды

Египет курама командасынын чабуулчусу Мохаммед Салах "Ливерпуль" клубу менен жаңы келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, Салахтын келишими 5 жылга түзүлгөн. Келишимдин негизинде Мохаммеддин маянасы жумасына 200 миң фунт стерлингге чейин көтөрүлүп, Ливерпулдагы эң жогорку айлык алган футболчуга айланды.

Мохаммед Салах 2017-жылы "Ливерпуль" клубуна өткөн. Ага чейин ал "Челси", "Базель", "Рома" өңдүү европалык клубдарда ойноп келген.

Ал "Ливерпульдун" курамында 52 оюн өткөрүп, 44 жолу айырмаланган. Англия Премьер-Лигасында 32 гол киргизип буга чейин Криштиану Роналду менен Луис Суареске таандык рекордду (31 гол) жаңылаган.

Өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча "Англиянын эң мыкты чабуулчусу" наамын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-07-04 23:15:14
Айына бир миллион доллар алат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан