Кыргыз-Тажик чек арасындагы каналдан 1984-жылы туулган келиндин жана анын балдарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облусуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев билдирди.
"Кечээ 1-июлда, болжол менен 14:30 чамасында Кыргыз аймагы аркылуу өткөн Тажикстандын Кожо-Бакырган каналынан белгисиз үч адамдын жансыз денеси табылган. Суунун агымы менен келген денелерди жергиликтүү тургундар жээкке алып чыгып, тиешелүү органдарга кабарлашкан. Окуя болгон жерге келген Лейлек РИИБинин кызматкерлери каза болгон жарандардын денесинде эч кандай кылмыш белгилери болбогонун аныкташкан", - деп билдирди Эгембердиев.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгондор Тажик жарандары экендиги аныкталган. Кокусунан сууга түшүп кеткен балдарын куткарууга аракет кылган эне аларга кошулуп сууга чөгүп кеткендиги болжолдонууда.
Алар жалданма жумушчу катары Кыргыз өлкөсүнүн аймагында буудайдын саманын жыйнап иштеп жүрүшкөн.