Көк-Жар конушунда 4 жашар бала 3 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетип ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя тууралуу кабар милицияга 29-майда саат 13:00дөр чамасында келип түшкөн.
"Бизге №3-шаардык медициналык "Тез жардам" балдар клиникалык ооруканасында 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала алган жаракатынан улам каза болду деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу ооруканага барган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бала Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын тургуну экени аныкталган. Ал 3 кабаттуу менчик үйдүн терезесинде ойноп жатып кулап, оор абалда ооруканага жеткирилген", - деди маалымат катчы.
Маалыматтарга караганда, бала терезеден түшүп кеткен учурда анын апасы үйдө болгон. Ал баласынын ачык терезеде ойноп жатканын байкабай калган.