Япония Бельгияны утуп баратып, акыркы мүнөттө жеңишти колунан алдырып жиберди

3-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычы уланат. Анда "Ростов Арена" стадионунда Бельгия-Япония командалары чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Беттештин башкы калысы Маланг Дидьеу (Сенегал) болмокчу. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алат.

Буга чейин чейрек финалга Франция, Уругвай, Орусия, Хорватия жана Бразилия курамалары чыгышкан.

23:50. Бельгия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Тибо Куртуа ("Челси", Англия).
  • Коргоочулар: Тоби Алдервейрелд ("Тоттенхэм", Англия), Венсан Компани ("Манчестер Сити, Англия), Тома Менье ("ПСЖ", Франция), Ян Вертонген ("Тоттенхэм", Англия);
  • Жарым коргоочулар: Янник Феррейра Карраско ("Далянь Ифан", Кытай ), Кевин де Брюйне ("Манчестер Сити", Англия), Эден Азар ("Челси", Англия), Аксель Витцель ("Тяньцзинь Цюаньцзянь", Кытай);
  • Чабуулчулар: Ромелу Лукаку ("Манчестер Юнайтед", Англия), Дрис Мертенс ("Наполи", Италия).

23:52. Япония курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Эйдзи Кавасима ("Метц", Франция).
  • Коргоочулар: Юто Нагатомо ("Галатасарай", Түркия), Готоку Сакаи ("Гамбург", Германия), Гэн Седзи, Наомити Уэда ("Касима Антлерс"), Мая Йосида ("Саутгемптон", Англия).
  • Жарым коргоочулар: Макото Хасэбэ ("Айнтрахт", Германия), Синдзи Кагава ("Боруссия" Дортмунд, Германия), Гаку Сибасаки ("Хетафе", Испания), Генки Харагучи ("Фортуна" Дюссельдорф, Германия), Такаси Инуи ("Эйбар", Испания);
  • Чабуулчулар: Юя Осако ("Вердер", Германия).

23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Бельгиянын гимни жаңырды.

23:56. Япониянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, топту оюнга алгач Бельгия курамасы кошту.

00:01. Синдзи Кагава 20 метр аралыктан сокку узатты. Жакшы аракет болгону менен, сокку таамай болгон жок.

00:02. Япониянын чабуулу офсайд болгондуктан токтотулду. Офсайд абалында Юя Осако болгон.

00:05. Такаси Инуи айып аянтчага мыкты чыгарып берүү аткарган, бирок анын өнөктөштөрү топко жеткен жок.

00:08. Такаси Инуи дагы бир ирет сол канаттан айып аянтчага чыгарып берүү аткарган. Бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүүдө.

00:09. Эден Азар айып аянтчага чыгаруу жасап өнөктөштөрүн таба алган жок.

00:10. Япониялыктар топту кармап каршылаштарына чабуул жасоого мүмкүнчүлүк бербей жатат.

00:12. Компани чабуулга чыгып оюн эрежесин бузганга үлгүрдү. Япония чабуулун улантмакчы.

00:13. Осакого багытталган чыгарып берүүнү Куртуа тосуп алып, командасын чабуулга жөнөттү.

00:14. Аксель Витцель айып аянтчанын сол бурчунан узаткан соккусун коргоочулар талаадан сыртка чыгарды. Бельгия топту бурчтан чыгарат.

00:15. Кевин Де Брюйне бурчтан топту жакынкы өнөктөшү менен ойнотуп, топту жоготконго үлгүрдү. Япониялыктар топту айып аянтчадан сыртка тээп салышты.

00:16. Лукаку алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло албай калды.

00:18. Венсан Компани айып аянтчанын ичинен сокку узатып, бирок топ таамай болгон жок.

00:19. Бельгиялыктар атаандашын кысымга алып, чабуулдарын улантууда. Лукакунун алыстан узаткан соккусу коргоочуга тийип, талаадан чыгып кетти.

00:21. Томас Мёньенин айып аянтчага көтөргөн тобуна бельгиялыктар жетпей калды.

00:23. Ромелу Лукаку мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно алган жок.

00:26. Эден Азар алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду. Бирок Кавасима топту кайтарганга үлгүрдү.

00:27. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бельгия - 60 пайыз, Япония - 40 пайыз.

00:28. Япониялык футболчулар топко ээ болуп, позициялык чабуулун аткарышууда. Азырынча бельгиялык коргоочулар мыкты оюн көсөтүп келген.

00:30. Такаси Инуи ага чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттаган, бирок Куртуа анын соккусун кыйынчылыксыз тосуп алды.

00:33. Дарбазага узатылган соккулар боюнча статистика: 7:3. Бельгия алдыда.

00:35. Азардын соккусу коргоочуларга тийип, топ Витселге келген. Ал дароо кубаттуу сокку узатып ийгиликтүү болбой калды.

00:38. Азарга каршы эреже бузуп, Гаку Сибасаки сары айып кагазы менен белгиленди.

00:40. Бельгиялыктардын уламдан улам аткарылган чабуулдары кооптуу болгону менен, ийгиликтүү болбой жатат.

00:41. Япония курамасы коргоо бөлүгүн көбүрөөк карап, контр-чабуул менен гана ойноодо.

00:43 Осаконун соккусун Куртуа 2-аракети менен тосуп алганга үлгүрдү.

00:45. Калыс 1-таймга 1 мүнөт кошуп берди.

00:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

01:02. Калыс 2-таймга старт берди. Бул ирет топту япониялыктар оюнга кошту.

01:03. Нагатомо Мертенске каршы оюн эрежесин бузду. Бельгиялыктар чабуулун улантат.

01:05. Го-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Япония курамасы тез контр-чабуулга чыгып, Харагучи таамай соккусу менен эсеп санын ачты.

01:06. Эден Азар айып аянтчанын сыртынан сокку узатып штангага тийип калды.

01:09. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 0:2. Инуи алыскы аралыктан сокку узатып Куртуага тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

01:12. Карраско алыскы аралыктан сокку узатып таамай болбой калды. Бельгиялыктардын чабуулу азырынча ийгиликтүү болбой жатат.

01:15. Соккулар боюнча статистика: Бельгия - 12, Япония - 6.

01:17. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бельгия - 55 пайыз, Япония - 45 пайыз.

01:19. Лукаку айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып, бирок таамай болбой калды. Топ штанганын жанынан өтүп кетти.

01:22. Бельгия курамасында алмаштыруу орун алды. Дрис Мертенстин ордуна Маруан Феллайни чыкса, Янник Каррасконун ордуна Насер Шадли чыкты.

01:26. Го-о-о-о-о-л!. Эсеп 1:2. Ян Вертонген башы менен сокку узатып кооз гол киргизгенге үлгүрдү.

01:29. Кевин Де Брюйненин узаткан соккусуна коргоочулар секирип тосуп кетишти. Бельгиялыктар чабуулун улантат.

01:30. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 2:2. Феллайни бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттап эсеп санын алмаштырды.

01:32. Такаси Инуи айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Бирок коргоочулар анын соккусун кайтара алды.

01:35. Ромелу Лукаку сокку узатып, таамай боло алган жок.

01:37. Япония курамасында дароо 2 алмаштыруу орун алды. Гаку Сибасакинин ордуна Хотару Ямагучи жана Генки Харагучинин ордуна Кейсуке Хонда чыгышты.

01:40. Хонда айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Анын соккусун коргоочулар тосуп алганга жетишип калды.

01:42. Эйдзи Кавасима дарбазасын 2 жолу сактап калганга үлгүрдү. Ал алгач Шадлинин соккусун кайтарып, андан соң Лукакунун соккусун кайтарып кетти.

01:44. Ян Вертонген кубаттуу сокку менен айырмаланып, Кавасима кайрадан дарбазасын сактап калды.

01:48. Беттештин негизги убактысы аяктап, калыс 4 мүнөт кошуп берди.

01:49. Осакого каршы оюн эрежеси бузулуп, япониялыктар айып сокку аткарат.

01:50. Айып соккуну Хонда аткарды, сокку таамай болгону менен Куртуа командасын сактап калды.

01:51. ГО-О-О-О-Л!!!! Эсеп 3:2. Беттештин акыркы мүнөтүндө Шадли командасын алдыга чыгарды. Бельгиялыктар тез ылдам чабуулга чыгып Шадли таамай соккусу менен жеңишке жетти.

01:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш Бельгиянын 3:2 эсебинде жеңиши менен аяктады.

01:53. Бул жеңиш менен Бельгия курамасы чейрек финалга өтүп анда Бразилия курамасы менен беттешет.

Бельгия-Япония
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Zainidin96
2018-07-03 00:03:17
Бельгия Алга мен силер менен дебрюнеден дубль кутом
-1
rysik79
2018-07-03 00:57:05
Топ тоголок.
-1
Zainidin96
2018-07-03 01:19:38
Бельгия:Япония. 0-2
0
Kukuwa
2018-07-03 01:31:16
Япония давааааййййй!!!!!!
-1
Zainidin96
2018-07-03 01:54:28
Ураа бельгия утту
0
barsa30
2018-07-03 02:12:44
Шок кылдыго япондор .жакшы оюнчулар бар экен курамынды
-2
anonymous
2018-07-03 02:19:45
Колдо турган жеңишти алдырып жиберишти орустарга окшоп баары защитага кетиш керек эле
+2
Dembele84
2018-07-03 02:31:18
Япондор жакшы оюн коргозду,Бельгиянын составы шумдуктуудай кучтуу болсо да тен тайлашты.Бельгиянын акыркы контр атака менен киргизген голу красивый болду.Эми Бразилия-Бельгия звездалары тытышып жатып калат го деп турам.
+2
Modric10
2018-07-03 08:30:56
2-0 болгондо жатып алдым эле женди деп.дарбазачы жакшы тосуп аткан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан