Ак-Талаа райондук соту ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган жаранды 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта "2018-жылдын 27-мартында 3-топтогу майып кызды зордуктоого шектелип Ак-Талаа районунун тургуну кармалган. Ал кызды апаңа алып барам деп алдап, киши жок жерге алып барып зордуктап баштаган. Ошол учурда апасы кызын чакырып калганын угуп, ал жерден качып кеткен. Жабырлануучунун апасы кызын үйгө алып кирип, милиция кызматкерлерине кабарлаган".
Кылмышкердин көрсөтмөсү боюнча ал ошол күнү таанышына жолугуп, спирттик ичимдиктерин ичишкен. Андан кийин мас абалында эмне болгонун эстей албайт:
"Жаза өтөөгө даярмын, бирок жашы жете элек 3 баланын атасы болгондугума байланыштуу абак мөөнөтүнөн башка жаза берүүңүздөрдү сурайм", - деп айыпталуучу сотко өтүнүч келтирген.
Жабырлануучу кыз да, анын апасы да айыпталуучуну кечиргенин айтып, аны сот залынан коё берүүсүн суранышкан. Жыйынтыгында Ак-Талаа райондук соту кылмышкерди 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.